Бишкекте пара алып жаткан тергөөчү кармалды


Бишкек шаардык Свердлов РИИБнин тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) тарабынан кармалды.
Финполго арызданып кайрылган аял мурдагы күйөөсү менен машина талашып жатканын, Свердлов РИИБнин тергөөчүсү ишти бүтүрүп берүү үчүн пара талап кылганын билдирген.
Ал эми Свердлов РИИБнин тергөөчү арыз жазган аялдын мурунку күйөөсү менен сүйлөшүп алып, өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, арыздануучудан акча талап кылып, унааны күйөөсүнүн атына каттатып берүүсүн, анын ордуна бул ишти токтотууну айткан. Арыз жазган аялдын мурунку күйөөсү да ИИМ тармагында иштейт, экөө расмий ажырашкан эмес, бирок чогуу жашашпайт, ортодо балдары бар.
25-октябрда Тунгуч кичирайонундагы Анкара көчөсүнөн тергөөчү акча алган жеринен кармалды.
Кылмышка шектүү деп кармалган тергөөчү иликтөө иштерине кызматташаарын айтып, үй камагына чыгарылды.
Aryba.kg