“Ички иштер министрлиги олуттуу маселени көтөрүп, коомчулуктун назарына салды”


КР президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы №26 жарлыгына ылайык, өткөн жума этегинде ички иштер министрлигинин демилгеси менен “Экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзам долбоорун мамлекеттик органдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн, медиа эксперттердин катышуусу менен талкуулоо боюнча “тегерек үстөл” болуп өттү. Эске салсак, аталган мыйзам долбоору буга чейин коомдук талкууга жарыяланган эле. А кечээкинин жыйынтыгы жаман болгон жок. Бул иш-чарада биз да болдук. “Талаштан тактык жаралат” демекчи, кайрадан иштелип чыккан мыйзам долбоору боюнча жыйындын катышуучуларына микрофон сунуп, ойлорун уктук.

Надежда Алишева, “Институт медиа полиси” коомдук фонду:
-- Журналисттерди коргоо багытында иш алып барып жаткандыктан, жалпыга маалымдоо каражаттарына тийешелүү болгон баардык мыйзам долбоорлоруна жандуу катышып, алардын укуктарын эң ириде коргоп келүүдөбүз. Ошондуктан, бул мыйзам долбоорундагы айрым беренелерде ЖМКнын жоопкерчилиги каралганына байланыштуу талкуулоонун башынан аягына чейин катышып, пикирлерибизди билдирип, өзүбүздүн салмактуу сунуштарыбызды бердик. Мыйзамды сунуштаган, иш-чараны уюштурган милиция кызматкерлери талкууга катышкан бейөкмөт уюмдардын, коомчулук өкүлдөрүнүн бир топ сын пикирлерин угушту. Бирок, ага карабастан аны чыдамдуулук менен туура кабыл алышып, жигердүүлүк иш натыйжасында дин чөйрөсүндө коопсуздукту сактай турган жана коомчулукта мамлекеттик дин саясатын жүргүзүүгө өбөлгө түзүлдү (!) десек адашпайбыз.

Нурлан Исмаилов, эл аралык “Ала-Тоо” университетинин юриспруденция кафедрасынын башчысы, юридика илимдеринин кандидаты, доцент:
-- Эки күн талкууланган мыйзам долбоору Кыргызстан үчүн абдан маанилүү. Себеби, бул мыйзамдын негизги максаты мамлекеттик органдардын, коомдун катышуусу менен өлкөдө минималдуу күч колдонуу менен кантип экстремизмди жана радикалдашууну токтото алабыз? Маселе ушунда жатат. Талкууда кызыкдар тарап менен эл аралык уюмдар, эксперттер, мамлекеттик органдар, укук коргоо органдары отуруп, бир чечимге келдик. Анткени, бардыгыбыздын максатыбыз бир – бул мыйзамдын натыйжалуулугун максималдуу жакшыртуу. Адамды жазалабастан, профилактикалык иш-чараларды колдонуу менен экстремисттик идеологиялык түшүнүктөн жаштарды оолак алып калышыбыз керек. Үч негизги багытта бул мыйзам чоң мааниге ээ. Биринчиси – профилактика, экинчиси – бөгөт коюу же боло турган кылмыштын алдын алуу, үчүнчүсү – кылмыш болуп кете турган болсо, жоопко тартуу болуп саналат. Ошондуктан, биз профилактикалык иштерди күчөтүп, мамлекет билим берүү, диний, коомдук уюмдарды тартуу менен чогуу иштешип, эң негизгиси коомго агартуу иштерин жүргүзүп, бул ишти токтото алабыз.

Төлөйкан Исмаилова, “Бир дүйнө” жарандык коому, укук коргоочу:
-- Экстремизм жана адам укугу боюнча мыйзамдарды кайрадан карап чыгуу, эл аралык стандартка шайкеш келтирүү боюнча өлкөнүн мурунку президенттери бул жаатта эч бир көңүл бурган эмес. Көңүл бурса да адам укуктары тепселенген бойдон кала берген. Ооба, өткөн жума соңунда КР ички иштер министрлиги абдан жакшы демилге көтөрүп, жемиштүү иштердин аягына чыкты. “Экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзам долбоорун мамлекеттик органдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн, медиа эксперттердин катышуусу менен кызуу талкуулоо учурунда ар түркүн ойлор, сунуштар айтылып, бирдиктүү мыйзам долбоору иштелип чыканы турат. Мындан ары да ИИМ менен бул жаатта өнөктөштүк иретте кызматташууга, бирге иш алпарууга даярбыз!

Кеңешбек Сайназаров, “Жалпы кызыкчылыктарды изилдөө” эл аралык уюмунун Орто Азия боюнча жетекчиси:
-- Бул мыйзам долбоорун талкуулоого коомдун ар кандай катмарындагы аналитикага бай, идиректүү бир сунушун бере турган адамдарды чогултушканын байкадым. Бул жерден ички иштер министрлигинин көрөгөчтүгүн баса белгилеп кетким келет. Себеби, айрым учурларда мамлекеттик органдар өздөрү даярдайт, министрлер кабинетине алып барганда эле ал жакта кырылып жатып калышат. Ал эми бул талкууда ар бир катышуучунун ою эске алынууда. Бышкан мыйзам долбоору министрлер кабинетине барганда талкуулоо жеңил болот. Бул мыйзам долбоору учурда өлкө үчүн абдан маанилүү. Мамлекетибиздин тынчтыгы бир эле мамлекеттик органдарга гана эмес, коомдун өкүлдөрүнө дагы жагат.

Гүлшайыр Абдирасулова, укук коргоочу, эксперт:
-- Бул иш-чара мамлекетибиз үчүн абдан маанилүү жана өз убагында өттү. “Экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоодо ар кандай талаш-тартыштар болду. Баардык жагын карап, анын ичинде Конституциябызга каршы келбеген жактарын эске алдык. Иш-чарага катышкан жана идиректүү ойлорун айткан эксперттерге эч жактан басым, кысым болбоду. Мыйзам долбоорунун өзөгү даяр болуп калды. Учурдан пайдаланып айтып кете турган жагдай, талкуу кыла турган аянтчаны түзүп берген, демилге кылган ички иштер министрлиги алкоого татыды. Мындан кийин аталган министрлик менен иш алып барууга даярбыз.

Жеңиш Жоробеков, ИИМдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын жетекчиси:
-- Кыргыз Республикасынын президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы №26 жарлыгына ылайык, колдонуудагы мыйзамдарга инвентаризация жүргүзүү жана ошондой эле колдонуудагы “Экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамындагы карама-каршылыктарды жоюу менен Кыргыз Республикасында ратификацияланган эл аралык мыйзамдардын талаптарына шайкеш келтирүү максатында жаңы мыйзам долбоорун талкуулап, бир бүтүмгө келдик. Бул мыйзамдын иштелип чыгышы – бүгүнкү учурдун талабы экенин белгилеп кетмекчимин. Эки күндүк иш-чаранын алкагында аталган мыйзам долбоору катышуучулар тарабынан маңыздуу талкууланды, ар тараптуу айтылган сунуштарды эске алуу менен толук кандуу иштелип чыкты.
Учурдан пайдаланып, бул иш-чараларды уюштурууда колдоо көрсөтүп келген Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы Өнүктүрүү программасына жана бул мыйзамды иштеп чыгууда зор салымдарын кошушкан баардык эл аралык, жергиликтүү уюмдарга, илимий чөйрөнүн өкүлдөрүнө, эксперттерге жана мамлекеттик органдардын катышуучуларына терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.
Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги мындан ары да баардыгыңыздар менен тыгыз кызматташууга жана биргеликте иш алып барууга даяр экенибизди билдирип кетем.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити











