Окумуштуулар адамды картайтпай сактап кала турган дары ойлоп табышты
Кошмо штаттардагы карылыкты изилдөө институтунун окумуштуулары альфа-кетоглутар кислотасы (AKG) жаш өткөндө пайда болчу өнөкөт оорулардын жана карылыктын алдын алууга жардам берерин аныкташты. Бул тууралуу Cell Metabolism журналына шилетеме берип, “Барометр” которду.
Маалыматта изилдөө чычкандарга жаслаганы айтылат. Кошулма чычкандарга эффективдүү экени далилденди. Адистер AKG адамдардын да активдүү жашоосун узартуучу дары болушу мүмкүн деп үмүттөнүшөт.
Изилдөөчүлөр организмге кальций тузу түрүндөгү тамак-аш менен жеткирилген AKG жумуру курттардын өмүрүн узартып гана тим болбостон, чычкандарда ден соолуктун узак болушун шарттайт.
Белгилүү болгондой, адамдарда AKG деңгээли 40 жаштан 80 жашка чейин он эсе төмөндөйт. Бул кошулманы тамак-аш менен толуктоого болбойт, бирок азык-түлүк кошулмаларын ичсе болот.
Изилдөөнүн жыйынтыгында тогуз ай AKG кошулмасы берилген ургаачы чычкандын ден соолугунда кыйла жакшыруу байкалган. Ал эми 11 айдан кийин эркек чычкандан да жакшы жыйынтыгын берген.
AKG албаган чычкандарда карылыктын белгилеринин фенотиптик көрүнүшү пилоэрекция, теринин түсүнүн өзгөрүүсү жана анын абалынын начарлашы, басуунун бузулушу, угуу жөндөмүнүн азайышы жана башкалар төмөндөгөнү далилденген.
"AKGны азык-түлүк кошулмалары менен узак убакытка чейин колдонуу адамдын картайышына таасирин тийгизерин текшерүү үчүн дагы бир нече изилдөө жүргүзүү керек" дешти авторлор.
“Барометр”