Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кайрат Итибаев: “Бизде “кустурабыз” деп инвесторлорду чочутуп жатышат”

Кайрат Итибаев: “Бизде “кустурабыз” деп инвесторлорду чочутуп жатышат”

23-июль, 12:59
6 218 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кайрат мырза, алгач кошумча нарк салыгы (НДС) тууралуу кененирээк маалымат бере кетсең?

-- Кошумча нарк салыгынын табияты төмөнкүдөй: бул кыйыр салык. Керектелүүчү кызматтан же болбосо кардарлардан мамлекеттин пайдасына алына турган салыктын түрү. Кыйыр дегенимдин себеби, бул салык ишкерден, өндүрүүчүлөрдөн түз алынбайт. Бул ошол товарга кошулуп келген нарктан кошумча алынарын түшүндүрөт. 

-- Дүйнө элинде бул салык кандай колдонулат?

-- Дүйнөдө Бириккен Улуттар Уюмунан 193 өлкө болсо, кыйыр салык ошол мамлекеттердин көбүндө, жалпылап айтканда, 180дей мамлекетте бар. 

Бул ар бир сатылуучу тепкич сайын кошула бере турган салык. Мисалы, Американын ар кайсы штаттарында тарифи да ар кандай. Кошумча нарк салыгы француздардан кирген, Европа, Батыш мамлекеттерине таандык. Бул адилеттүү салык. Себеби, бул салык кайра өндүрүүчүлөргө кайтарылып берилет. Продукцияларды өндүрүп чыгарууда, мисалы, навайчы болсо нан жапканда унду кошумча нарк салыгы менен сатып алса, 12%дын аягы чегерилип, унду ошондой алганы эске алынып, кайра андан кошумча нарк салыгы алынбайт. Араб эмираттары, Кувейт, Катар мамлекеттеринде мындай салыктар жок. Болгону 10% кирешеден чыккан акчадан алынат. Себеби, буларда нефть бар. Булар чет өлкөлүк инвестиция менен ачылган болсо, 51%ы жергиликтүү жараны менен ачылат. 

Кыргызстанда нефть, газ жок. Мисалы, башка өнүккөн өлкөлөрдө деле газ, нефть жок. Бирок булар кыйыр салык аркылуу жашашат. Мамлекеттик институттары аркылуу күчтүү. Бизде аралашма болуп калган, Американын, Европанын ушундай системаларын киргизип койгонбуз. Бизде ар кимди туураган салыктар көп. Мисалы, сатууга болгон салыкты жок кылып, кошумча нарк салыгын төлөгөндөй кылсак туура болот. Эгер баарыбыз кошумча нарк салыгын төлөсөк, бюджетти 10 эсе көтөрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Мында баа көтөрүлбөйт, керектелүүчү товардан алынат. Ошону өзүбүз дагы түшүнүшүбүз керек. Мисалы, Россияда кошумча нарк салыгы 21%, Европада 19%ды түзөт. 

-- Экономиканы аксаткан кайсы көрүнүштөргө токтолсок болот?

-- Кыргызстанда, тилекке каршы, экономикалык саясатты иштеп чыгуу, бул жаатта ой жүгүртүү аз болуп жатат. Күч структуралары ооруну күчөтүп, “күч менен иш алып барабыз, коррупционерлерди “кустурабыз” деп инвесторлорду чочутуп алып жатышат. Бул жаман көрүнүш. Мындайдан оолагырак болушубуз керек. Биз экономикалык инструменттерди колдонуп, баарын туура, салмактуу саясат жүргүзүшүбүз шарт. Кыргызстанда жок азыктарды ташып келүүдө кошумча нарк салыгын кыскарта турсак болот. Бул, мисалы, фармацевтика жаатында ж.б. керектүү азыктарга зарыл чара. 

Импортко болсо кошумча нарк салыгын киргизүү шарт. Анан акциз деген бар, тамеки, алкоголдук ичимдиктерге киргизилчү акциз салыгы. Ушул сыяктуу аткезчиликке каршы салыкты күчөтүү шарт. Жадагалса ичимдиктерге, суусундуктарга беш жылдык программа кабыл алып, ошону көтөрүш керек. А улуттук суусундуктарга тескерисинче шарт түзөлү. Паритет деген бар. Биздин суубуз Казакстандын соода текчелерине чыкпайт, ал эми Казакстандыкы бизде каалагандай сатылууда. Ошондой маселелерди, улуттук кызыкчылыкты биргелешип көтөрүү зарыл.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер