Кемел Ашыралиев: “Президент реформа жасап жатат, жайыт маселеси көмүскөдө калбаса экен”
-- Кемел ага, учурда кайсы көйгөйлөр жүрөгүңүздү өйүп турат?
-- Мени аябай катуу ойлонткону – ар бир кыргыздын баласы, кызы окууга тартылып, билим алышы керек. Билим алууда аягына чейин жетпей, окуудан чыгып кетип, “тияк-биякта жүрөт” делип, толук кандуу кесип ала албаганы жүрөктү өйүтөт. Бир да бала окубай калбоо кажет. Окубай, көртурмуштун айынан арзыбаган акча менен күн көрүп, жашоосунда эң маанилүү делген, өмүр бою баркына, кадырына жете турган улуу адистиктен адашкандарын көрүп, зээним кейийт. Базарда тачка түрткөн балдар болбош керек. Ата-энеси жок болуп, айласыздан ушундай жумушка барып аткандарды мамлекет өз камкордугуна алып, билимдүү кылып, тарбияга салганы оң. Мына ушулар мени беймаза кылат.
-- Президент Садыр Жапаровго кандай кеңеш айтат элеңиз?
-- Союз маалында Кыргызстанды жайыт багып келген. Ата-бабаларыбыз жайытты абдан кастарлап, “сары журт” кылбай улам-улам журт которуп, ар бир көчкөн сайын эски журтуна таштанды калтырбай тазалап, күлүнө чейин жерге көмүп кетишкен. Жайытты такыр кылганга чейин отурушкан эмес. Бир сөз менен айтканда, аяр мамиле кылып, аздектешкен... Азыр эми машине барган жерлерде, жолдун бойлорунда, дээрлик жайыттарды аңтарып салышты. Көрүнгөн жерге жыл сайын келет, жыл сайын туалет казат. Бакканы 200 кой болсо, зым короо тосуп алат. Малдын бок-сийдиктери жаан жааган учурда жарым метрге чейин сиңип, ал жерге чөп чыкпай, чакалай жерге айланат. Мындай жерлер Суусамырда, Алайдын Чыйырчыгында, Долондун ары жагында капкара-капкара болуп, өңү жакшы кишинин бетине кал чыккандай жагымсыз болуп калууда. Мына ушуну эч ким карабайт. Союз маалында миңге жакын койлору бар чабандар да зым короо тоскон эмес. Анысы ал, ошол эле жайыттардын машине жетпеген жерлерин карасаң чымчыктан башка эчтеке жок, чөп чирип жатат. Ошон үчүн малды көбөйтүп, турмушту жакшырта турган болсок, жайыттарды калыбына келтириш керек. Президенттен суранар элем, керек болсо жайыт боюнча министрлик ачсын. Кыргызстандын чет мамлекетке экспорттой турган продукциясы эт, жүн болуп атат. Жүндү иштете турган фабрика ачуу мезгили келип жетти. Ошондо биз көнүп калган ак кой көбөйөт. Учурда койдон болгону эт эле алып атабыз. А териси менен жүнүн өрттөп атышат. Эмне үчүн териси менен жүнүн алып, өзүбүз иштеткенге болбосун? Бир кездерде камволдук нооту комбинатында 13 миң адам 3 нөөмөт менен иштеп, республикадагы жүндөрдүн баарын жууп-тазалап, сорттоп, ийрип, аны жип кылып, сукно чыгарып, материалдары тиги жагы Франция, бу жагы 15 союздук республикага таратчу. Учурда бизде мыкты ишкерлер чыгып атат. Ошолордун тыңчыкмаларына камволдук нооту комбинатты берип, жандандырсын. Президент азыр баардык жерде реформа кылып атат. Иштете алам деген ишкерге мүмкүнчүлүк берсин.
Мен эми бир эле жайыт, анын арты менен ак койду көбөйтүү маселесин сунуштадым. Мындай маселе бизде көп. Колубуздан келе турган ишти бүгүн баштайлы. Эртең кеч болуп калат.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити