Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 93 адамдан ковид жаңы аныкталды, сак бололу!

93 адамдан ковид жаңы аныкталды, сак бололу!

19-октябрь, 12:08
1 294 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, 19-октябрда COVID-19 инфекциясын жугузуп алган эки бейтап каза болду. 93 адамдан жаңы аныкталды. Илдеттен каза болгондордун бардыгы вакцина албагандар экени кабарланды.

Ооруну жугузуп алгандардын көбү Бишкекте. Бул күнү Ош шаарында, Нарын, Талас жана Баткен облустарында вирусту жаңы жуктургандар катталган эмес. Ушуну менен былтыр марттан бери Кыргызстанда коронавирус жуккандардын жалпы саны 180 миң 006 адамга жетти. Пандемия башталгандан бери жалпы 2638 адам каза болду. Бир күндө 74 адам сакайып чыкты. Бүгүнкү күнү 571 адам ооруканада, 527 бейтап үйүндө дарыланып жатат.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер