Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жамиля СТАМБЕКОВА, дизайнер: “Кыргызстандан чыккан кийимдер бренд болууда”

Жамиля СТАМБЕКОВА, дизайнер: “Кыргызстандан чыккан кийимдер бренд болууда”

30-ноябрь, 01:01
1 801 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда жеңил өнөр жайы жакшы нукка түшүп, кыз-келиндердин колунан жаралган буюмдар, кийимдер чет өлкөлөргө да сатылууда. Учурда Кыргызстандан чыккан “JAa parel” брендинин кийимдери коомчулукта кеңири белгилүү. Анын уюштуруучусу Жамиля Стамбекова ийгилик сыры менен бөлүштү.

-- Кийим тигүү жаатында иштегениме 23 жыл болду. Бул ишти студенттик мезгилден эле баштагам. Адегенде жөнөкөй тигүүчүдөн бычмачы, технолог, кичине тигүү цехинин ээси дагы болгом. Андан соң көп жыл “Кыял” бирикмесинде иштедим. Азыр өзүмдүн чакан буюртма менен иштеген ишканам бар. Ошону иштетем.

-- Учурда Кыргызстанда жеңил өнөр жайы жакшы ишке кирди, атаандаштык күчпү? Кандай кийимдерди тигесиз, буюртмаларды кандай аласыз?

-- Кыргызстанда акыркы он жылдан бери жеңил өнөр жайында чоң жетишкендиктерге жетишүүдөбүз. Сапат, жаңы креативдүү моделдерди чыгарган жагынан дагы атаандаштык аябай күчтүү. Бул атаандаштыкка туруштук берүү үчүн ар дайым жаңы идеялар керек. Ошондой эле ар бир дизайнердин өзүнүн колтамгасы болуш керек. Биз ошол принцип менен иштейбиз. Азыр жалаң буюртма менен гана иштейбиз.

-- Сиз тиккен кийимдердин кайсынысына суроо-талап күч, чет мамлекетке да жөнөтөсүздөрбү? 

-- Биз акыркы кезде “Салбуурун” аттуу Кыргызстандагы улуттук спорт федерациясы менен тыгыз байланышта иштейбиз. Кардарлардын арасында ырчылар, белгилүү адамдар, мамлекеттик кызматта иштегендер дагы көп. Алардын бой келбетине жараша жарашыктуу, заманбап, улуттук колориттеги, же алар каалагандай кийимдерди тигип беребиз. Чет өлкөлөрдөн да буюртмалар көп болуп турат.

-- Кийимдериңиздин эң кымбаты канча сом?

-- Негизи, буюртмалар кардарлардын капчыгына жараша болот. Өтө кымбат кийимдер дагы, өтө арзандары дагы бар, биз ар бир кардардын оюндагысын, көңүлдөгүсүн тигип беришибиз керек. Ошондуктан, биздин иште ийкемдүүлүк болгон жакшы. Үйлөнүү үлпөткө, той-аштарга, кечелерге, юбилейлерге да буюртма беришет.

-- Учурда Түркия, Корея, Европадан келген кийимдер бренд катары айтылат, “ошолордукуна окшош кылып тигип бергиле” деп кайрылгандар болобу? 

-- Андайлар көп эле болот. Бирок бренд кийимдерди туурабай, өзүбүздүн “колжазманы” сунуштаганга аракет кылабыз. Ал эми кийимдин эскизин түшүрүп, үлгүсүн өзүм чийем. Кыргызстандын жеңил өнөр жайынын өнүгүшүнө өз салымыбызды кошуп жатканыбызга аябай сыймыктанам! Ошону менен бирге биздин өзүбүздүн улуттук баалуулуктарыбызды унутпай, башка улуттарга өзүбүздун кол өнөрчүлүктү, аны менен бирге улуттук кийимдерибиздеги табияттуулукту тартуулап көрсөтсөк (!) деген максатым бар. Кыргызстандан чыккан биздин кийимдер чет өлкөдө бренд болууда. Азыр бизде “жумуш жок” деп айтышат, бирок, аракет кылган адам сөзсүз жумуш, иш табат. Жалкоолонбой жакшы иштесе, эмгегинин үзүрүн көрөт.


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер