Кыргыздын тогуз коргоол оюнун ЮНЕСКО каттады
Акыл-эсти өрчүткөн, ой толгоону жөндөгөн, кыргыздын улуттук спорт оюндарынын бири болгон тогуз коргоолду ЮНЕСКО адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине кошту. Жыл жаңырар алдында уюмдун өкмөт аралык комитетинин сессиясында ушундай чечим кабыл алынганы жакшы жышаан болду десем жаңылышпайм. Бул боюнча тогуз коргоол оюну дегенде ичкен ашын жерге коё чуркаган, КР тогуз коргоол федерациясын көп жылдар бою жетектеген Камчы Касымов билдирди. Анын айтымында, “тогуз коргоол оюнун ЮНЕСКОго каттатуу изги тилек эбак эле жаралган. Өткөн кылымдын 90-жылдарынын орто чени болчу. Андан бери жүйөлүү себептерден улам артка жылып келе берген. Түйшүгү ат көтөргүс экенин айта кетпесе болбойт. Убакыт-сааты чыкты окшойт. Тогуз коргоол менен катары казактардын тогуз кумалагы жана түрктөрдүн мангала оюндары да бир табыштама аркылуу кирди. Бул ЮНЕСКОнун кынтыксыз тартип-эрежелеринин бири экен. Бүткүл дүйнөлүк пандемияга байланыштуу тастыктоочу документ-кагазы (сертификат) февраль айында Кудай буюрса колго тийип калар” деди. Кошумчалай кетсек, тогуз коргоол оюну жылдан-жылга кулачын кенен жайып, башка улуттардын элдери да кызыгып ойноп атканы жүрөк жылытат. Көчмөндөр оюну, Азия, дүйнө чемпионаттары менен катар ички республикалык мелдештер байма-бай өтүп турат.