Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кеңешбек Дүйшөбаев: “Канат Исаев чындык, мыйзамдуулук үчүн күрөшкөн саясатчы”

Кеңешбек Дүйшөбаев: “Канат Исаев чындык, мыйзамдуулук үчүн күрөшкөн саясатчы”

08-январь, 14:49
1 408 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кеңешбек мырза, шайлоого аз күн калганда айрым талапкерлер биригип, Садыр Жапаровго каршы чыгышууда. Алар жеңилгендерин моюндарына алгысы келбей, же абалды башка нукка буруунун аракетин көрүп жатышабы?

-- 10-январдагы президенттик шайлоодо ким жеңерин Кудай гана билет. Элибизде айтылган жакшы сөз бар. “Кул жейм дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту” деген. Бийликтин талапкерине бүт административдик ресурс, мамлекеттик машина иштеп, булактары белгисиз болгон чексиз финансылык каражаттар таркатылып жатканы бүгүнкү күндө эч кандай жашыруун сыр эмес. Мындай шарттарда акыйкаттыкка, жеңишке жетүүнүн бир гана жолу бар, ал – калган талапкерлердин биригүүсү.        

-- Канат Исаевдин кечээги митингдеги жалындуу сөздөрү элдин жүрөгүн ойгото алабы?

-- Бүгүнкү күндө Канат Исаев дайыма чындыкты бетке айтып, калыстык, мыйзамдуулук үчүн тайманбай күрөшүп келе жаткан, принцибинен тайбаган саналуу саясатчылардын бири экенин эч ким тана албайт. Аны мекенчилдик багыттагы сүйлөгөн сөздөрүнүн баардыгын эл абдан жакшы, туура кабыл алып жатканына биздин коомчулук дайыма күбө. Айткандарынын баардыгы чындык экенин убакыт дайым көргөзүп келе жатат. Кечээги айткандары да чын экенин биз көп убакыт өтпөй көрөбүз. Бирок, “аттиң ай!” деп саныбызды мыкчып калбасак болду.    

-- Референдумга, жаңы Конституцияга каршы болгон талапкерлер  позициясы башка болсо, неге ушул эрежеге макул болуп, саясый жарышка чыгып алышты?

-- Баскынчы күчтөргө каршы ачык күрөшкө чыкпаса, аларды кантип жеңсе болот? “Позициям, көз карашым башка” деп четке чыга берген адам саясый күрөштө жеңе алабы? Андай болсо тигилер оңой эле баарын басып алып, келечегибизди туңгуюкка түртүп салышсынбы? Азыркы бийлик кара күчтөрдүн өкүлдөрү экенине жакынкы мезгилде баардыгыбыз күбө болобуз. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер