Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акылбек Жапаровдун акылына баракелде!

Акылбек Жапаровдун акылына баракелде!

12-июнь, 09:00
853 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бул көйгөйлүү маселе жакында эле, т.а., өткөн 20-мартта орус элинин президенти Владимир Путин Кытай элинин лидери Си Цзиньпинди кабыл алып жатып, “акыркы убакта Кытай мамлекети өзүнүн өнүгүү жолунда абдан бийик секирик жасады. Бүткүл дүйнөдө эң чоң кызыгуу жаратты жана биз аны суктануу менен кабыл алдык” деген комплимент сөзүнөн кийин гана пайда болду десек жаңылышпайбыз.

Маселенин төркүнүнө кайрылсак, өнүккөн капиталисттик өлкөлөрдө (АКШ, Жапония, Батыш Европа Биримдиги ж.б.) жана коммунисттик Кытай Эл Республикасында мамлекеттик бюджет прогрессивдүү салык системасынын негизинде калыптанат. Ал эми биздин Кыргызстанда ж.б. КМШ өлкөлөрүндө (Россия, Казакстан, Өзбекстан ж.б.) илгерки Совет өкмөтүнөн калган “теңчилик” принцибин карманган (плоский) салык системасы иштеп келет. Алардын айырмасы эмнеде? Мисалы, жогоруда аталган капиталисттик өлкөлөрдө жана коммунисттик Кытайда прогрессивдүү салыктын бир эле түрү бар. Ал киреше (подоходный) салыгы. Айына миң доллардан өйдө (АКШда) киреше тапкан ишкерлер анын 37%ын, КЭРде айына 5 миң юандан өйдө киреше тапкандар анын 45%ын салык катары мамлекетке төлөп беришет. Ал эми айлык кирешеси ошол суммага жетпеген чакан жана орто ишканалардын ээлери болсо мамлекетке эч кандай салык төлөшпөйт. Алардын саны жалпы мамлекеттик ишкерлердин 90%ын түзсө, ал эми салык төлөөчү бай ишкерлердин саны 2-3%дан ашпайт. Ошентип, прогрессивдүү салык системасынын негизинде иш алпарган өлкөлөрдө мамлекеттик бюджеттин көлөмү алардын бай ишкерлеринин кирешесине жараша жыл сайын прогрессивдүү түрдө көбөйүп турат. Демек, ал өлкөнүн жалпы калкынын жашоо-турмуш деңгээли да жыл сайын жогорулап турат.

Ал эми биздин КМШ өлкөлөрүбүздө салыктын 4-5 түрү бар: киреше салыгы 13%, кошумча нарк салыгы 20%, жер салыгы, мүлк салыгы ж.б. жергиликтүү салыктар болуп, бай-кедейине карабай, баары тең бирдей 35%дан кем эмес салык төлөп турушат. Мындай “теңдиктин” негизинде кедей ишкерлер кедей бойдон кала беришет, ал эми бай ишкерлер андан ары байлыгын көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрүн сактап кала беришет. Себеби, 70 жыл бою Совет элинин эсебинен байыган Совет империясы Батыштын лжедемократиясына алданып, мамлекетти “кайра куруу” идеясынын негизинде калыптанган жана көрпендечилик амбициясы ашынган жаңы демократ-демагог жетекчилери (Ельцин, Кравчук, Шушкевич, Акаев ж.б.) жана алардын “бөрк ал десе баш кескен” алабарман аппарат жетекчилери 1991-1996-жылдары мамлекеттин мүлкүн каалашынча менчиктештиришип, б.а., ачык эле талап-тоноп байыган эргулдар азыркы учурда жаңы улуттук элита өкүлдөрүнө айланып, эл катары анча-мынча тыйындарын төлөп коюшуп, алды Америкада, арты Эмираттарда сайран тээп жүрүшөт. Албетте, ар кимдин ак эмгеги менен тапкан акчасына жакын адамдары менен жай, кылчактабай, тынч эс алуусуна эмне жетсин дейличи, мейли Алайда, Арстанбапта же Баткенде болобу... Алардын дагы бир өзгөчөлүгү: колунда бар болгондуктан ыгы келгенде керектүү мамчиновниктерди да сатып алышып, көмүскө бизнестерин да улантып жатышканы өзгөчө деле сыр эмес. Алардын “ишмердиги” тууралуу В.В.Путин мырзанын коомчулукка ачык айтып иш баштаганы эсиңиздедир: “1991-1996 годы правления государством были трагически преступными” деп (13-май 2019-ж. Казань ш.). Ошол көрпендечиликтин кесепетинен, турмуш өзү көрсөткөндөй, азыркы мезгилдин прогрессивдүү өнүгүү процессине кошула албай, салык базасын канчалык кеңейтсек да мамбюджетти кескин түрдө көтөрө албай жатканыбыз – дүйнөлүк экономикалык өнүгүү процессин терең түшүнүүгө мойнубуз жар бербей жатканы, менимче, өткөн өксүк жылдары көнүп калган кулчулук психологиябыздан дагы да болсо арыла албай жатканыбызды ачык эле айгинелеп турат. 

Мисалы, жогоруда көрсөтүлгөн өзгөчө салыктардын негизинде: 1991-жылы Россиянын ички дүң жыйымы (ИДЖ) 496 млрд. доллар болсо, Кытайдын ИДЖсы ошол эле убакта 415,6 эле млрд. доллар болгон. Ал эми 2021-жылы Россиянын ИДЖсы үч эседен ашык көбөйүп, 1,77 трлн. долларга чыкса, Кытайдын ИДЖсы ошол эле убакта 40 эсеге чейин көбөйүп, 17,5 трлн. долларга жеткен. Бул көрсөткүч дүйнөлүк ИДЖнын 17,9%ын түзүп, реалдуу товардын көлөмү боюнча АКШдан да өтүп биринчи орунга чыкты. “Мындай экономикалык өнүгүү феноменин жараткан фактордун сыры эмнеде?” деген суроого жооп катары РФ ИА президенти Г.Я.Красников мырза жетектеген атайын комиссия өзүнүн “Салык системасы – экономиканын сыйкыр таякчасы” аттуу сунушун Россиянын өкмөтүнө тапшырышты. Материалдын кыскача мазмуну россиялык “Аргументы недели” гезитинин №13 (5-11 апр. 2023 г.) санына жарыяланган. Айтайын дегеним, эгемендүүлүктүн 32-жылында, мындан эки жыл мурда кабыл алынган элдик Конституциянын негизинде Кыргыз Республикасынын экономикалык жана социалдык өнүгүү багыттарын аныктоо иретинде (17-берене) жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетин жогорулатуу максатында (18-берене) 2024-жылдан баштап прогрессивдүү салык системасына өтүү иши Кыргыз мамлекетинин өкмөтү тарабынан колго алынышы азыркы учурдун эң башкы талабы болуп турат демекчимин.

Менин билишимче, Кыргыз өкмөтү жана анын аткаруу органдары: экономика жана коммерция министрлиги, финансы министрлигине караштуу мамлекеттик салык кызматы ж.б. тийиштүү органдары бул прогрессивдүү салык кызматы тууралуу толук маалыматка ээ жана анын өзгөчөлүктөрүн жакшы билишет. Бирок аны ишке ашыруу, албетте, убакытты талап кылат. Бул маселе тууралуу экономика жана коммерция министрлиги билдиргендей, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө” мыйзамынын 71-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Салык кодексин өзгөртүү боюнча сунуш Кыргыз өкмөтү тарабынан даярдалып, ушул жылдын 1-октябрына чейин Жогорку Кеңештин кароосуна коюлушу керек. Ал сунуш коомчулук тарабынан талкуудан өтүп жана өкмөт тарабынан кол коюлган жыйынтыктын негизинде гана каралат. Мындай шартта рынок экономикасынын өзгөчөлүктөрүн өздөштүрүүдө мол тажрыйба топтогон кесипкөй жана мекенчил адистерден турган өкмөттүн командасы үчүн, албетте, прогрессивдүү салык системасы (ПСС) жаңылык деле эмес. Ошондуктан, менин оюмча, бул олуттуу жана көйгөйлүү маселе Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан даярдалган сунуш ушул жылдын 1- октябрына чейин Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилип калса, балким эмки жылдан баштап кийинки жылдын мамлекеттик бюджетин прогрессивдүү салык системасынын негизинде калыптандырып, мамлекетибиздин бир жылдык финансылык кубатын эки эсеге чейин көтөрүүгө реалдуу мүмкүнчүлүк болуп калабы деген эле үмүт...

Эмесе, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мырзага жана анын кесипкөй жана мекенчил инсандардан турган мобилдүү жана чыгармачыл командасына ийгилик каалап, улуу кыргыз элибиздин атынан улуу ишенимин артып турууга уруксат этиңиздер!

Терең урматым менен,

Карыбай Турусбеков

P.S: Белгилүү журналист Мирлан Дүйшөнбаев мырза Кытай элинин лидери Си Цзиньпинге шылтап, “биз социалисттик системанын артыкчылыктарын пайдаланып жатабыз” деген осол идеясы, албетте, суу кечпей турган популизм. Анткени прогрессивдүү салык системасы мамлекеттин саясый башкаруу системасынан көз каранды эмес. Мисалы: Улуу Британия жана жапон элинде монархизм, АКШда президент, айрым Европа өлкөлөрүндө парламентаризм, Кытайда коммунисттик система, бирок ПСС баарына тең бирдей кызмат кылат.

Менимче, бул иш өзүн өзү сыйлаган элге гана таандык жана мыйзам чегинде кабыл алынган жарандык милдет деп түшүнсөк болот. Ошондой эле түшүнүк илгертеден бери кыргыз элинде да макал катары айтылып келет. Ошол макалды бир аз перефразировать этип: “Ооба, өсөр уул (ишкер) өз элин багат, өспөс – жатка жагынып, өз элин азапка салат” деп түшүнсөк болот. 


"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер