Мааткабылов колго түшүп, Турганбаев аралашып, Султанов коё берип жибердиби?

ИИМдин баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгынын начальниги Улан Султановдун артынан дайыма чуулгандар токтобой келет. Башкы прокуратура козгогон 25 кылмыш иши боюнча “түйүндөр” чечиле элек. Октябрь РИИБни жетектеп тургандагы былыктары боюнча...
Эмесе, дагы бир резонанска токтололу. Өткөн айда ИИМдин баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгы тарабынан уюштурулган атайын операциядан кабар алдык. Бул ишти Тимур Жообасаров (Улан Султановдун өкүл баласы) жетектеп, Бишкектин Медеров-Совет көчөлөрүнүн кесилишинен “Аламүдүн” базарынын генералдык директору Рысбек Мааткабыловду баңгизат менен кармашканы эмнеге ачыкталган эмес? Ортодон Мелис Турганбаев кийлигишип, 30 миң доллар парага сүйлөшүп, чыгарып кеткенби? ИИМдин тар чөйрөсүндө мындай “бармак басты, көз кысты” коррупция, кызмат абалынан кыянат пайдалануу кесепети талкууга алынып аткан чак. Рысбек Мааткабылов олигарх Аскар Салымбековдун иниси болот. Байлар билгенин жасап, кылмышка илинип, милицияга түшүп калса акчанын күчү менен чыгып кеткени ушулбу?
Бул боюнча УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, башкы прокурор Курманкул Зулушев иликтөө, териштирүү жасатабы? Рысбек Мааткабыловду колго түшүрүү учурунда шопуру, андан сырткары спецназ тартылып, жоон топ өздүк курам күбө болуп атса, аягы “жым-жым” таризинде жыйынтыкталганы кандай?
Кыскасы, биздин суроолор жерде калбасына ишене туралы. Күч органдарында тазалык, мыйзамдуулук болбосо, элге кайсы үлгүнү көрсөтөбүз? Көп кыңыр иштерден суурулуп чыгып жүргөн Улан Султанов бул саам кандай таризде амалданат экен? Көрө жаталы.
"Азия Ньюс" гезити