Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Анжелика: “Тиш пастанын даамын, атырдын жытын сезбей калдым”

Анжелика: “Тиш пастанын даамын, атырдын жытын сезбей калдым”

05-апрель, 11:50
792 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ырчы Анжелика Кайратова коронавируска кабылды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы өздүк баракчасы аркылуу билдирди.

Ырчы COVID-19га алгачкы ирет кабылганын, кыздары, жакындары үчүн кабатырланганын айткан.

Эртең менен тиш пастанын даамын, андан кийин атырдын жытын сезбей калдым. Шоколад жесем оозумда пластилин жүргөндөй болду. Дароо тест тапшырдым. Көп өтпөй коронавируска кабылганым билинди. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын адистери үйдү дезинфекциялап, компьютердик томографиядан өтүшүм керектигин айтышты. Дене табым көтөрүлгөн жок, жөтөлүм дары ичерим менен жоголду. Коронавирус менен ооруп айыккан тааныштарым чалып, маанайымды көтөрүштү. Алар ооруну көп ойлонбой, катуу ырдап, бийлеп, жакшы маанай менен гана доктурлардын көзөмөлүндө жеңип кетеримди айтышты деп жазган ырчы.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер