Жазгүл Жамангулова: “Талкаланып, жулунуп калган акын кыздардын тагдырлары...”
“Бир сиңдимдин өзүнө окшош үлбүрөгөн ырын окуп алып, аны көпкө ойлондум. Көптөн бери ыр да жазбай, ыр да окубай калган элем. “Сүйдүм сизди” дептир ал. “Сиз башканын жарысыз” деген чуулгандуу сөз бар арада. Бирок кыз жүрөгү ошол нерсеге карабай элбиреп-желбиреп, сүйүп, сабылып, самсаалап турат…
Бир кез акын кыз ашык болгон бирөө катары түшүндүм. Ачыгын айтсам, акын сиңдимди аядым, “жашсың да” дедим ичимен. “Ээ кокуй, аялы бар немени неге сүйөсүң?” деп телефон чалгым келди. А бирок акын кыздар кээде көрбөй туруп көргөндөй, сүйбөй туруп сүйгөндөй жазарын эстедим. Кыялданып, элеске арбалып, элеске алданып, ойлорго оролуп, ойлордон ой токуп, жалбырактын түшкөнүнө тигилип, жалбыраксыз бакка кейип, үзүлгөн алмадан тагдыр көрүп, тагдырды алмадай ширин экен деп ойлоп, дүйнө анын гүлдүү көйнөгүндөй кооз болорун күтүп, толкунданып, эч кимге зыяны жок үлбүрөп жашай берерин эстедим.
Ооба эстедим, бирок ошол эле саам бул тирлик дегениң ал ойлогондой ага үлбүрөп, сабылып кездешпесин билип, жашоодо үзүлүп, кесилип, талкаланып, жулунуп калган далай акын кыздардын тагдырлары көзгө элестеп, азыркы жазылган жөнжай сүйүү сабы эртең турмуш курганда үй-бүлөгө, ааламга алаамат салып, сурак болуп, сот болуп, башты жерге ийдирип жооп берип калбагай эле деп кооптондум.
Далай акын эжелердин ыр дептерлери өрттөлүп, сууга ыргытылган… Мүмкүн акын кызга жар болууга кыргыз мырзалары даяр эместир…
Акын досторум менин сүйүү ырларын жазбаган жигит мүнөз «жинди» экенимди жакшы билет. Башынан ыйлаак, бактысыз саптарды окуй албаган кемчилигим да бар. Деги эле аялзатынын көзү жалдырап, баарына макул болуп өлүп-талып сүйүп-күйүп, темселеп калганын кабыл албаганымдыр бул. “Поэзияда жыныс жок” деген менен поэзияда тагдыр бар, поэзия тагдырдан кыйгап өтө албайт! Канча күчтүү акын болсоң, ошончо азабың да күчтүү болот! Ошол себеп да мен акын болуудан баш тарткандырмын.
Ойлонуп жазсаңар экен, ойлонуп жашасаңар экен, урматтуу акын сиңдилер! Бул дүйнө силердин назик дүйнөңөрдү кабыл албаган эң катуу, эң орой, эң тажаал, эң майда, эң былжырак күндөргө, айларга, жылдарга толуп турарын мүмкүн эскерткеним туурадыр. Мүмкүн менин жардамым ушул болор.
Ойлонбой жазылган саптардын автору болгончо, ойлонулган бакыттын ээси болсоңор экен. Бактылуу болгула, алтындарым!”