“Символика оюнчук эмес. Арстан Алайдын өлүмү жүрөккө найза менен сайгандай тийди”


-- Туунун алмашуусунан кийин Арстан Алайдын абактагы өлүмү коомчулукка кандай таасир берди?

Ташболот Балтабаев, экс-депутат:
-- Бул мисалдар, албетте, бийликтин беделин жогорулатпайт. Биздин эл бир нерсени түбөлүккө так түшүнүп алышы зарыл. Бийлик жасаган иши боюнча бир эле суроо бериш керек, бул аракет кимдин кызыкчылыгына жооп берет?
Мисалы, Арстан Алайдын жасаган иши жана сүйлөгөн сөздөрү кайсы оорунун белгиси экенин катардагы врач-психиатр токтолбой так айта алат. Анан күч органдары оорулуу адамды түрмөгө камап, кысым көрсөткөнү өтө эле түркөйлүк.
Туу боюнча сурамжылоо жасаса 80-90% эл каршы чыгарына шек жок. Негизгиси ушунча убакытты жана элдин акчасын коротуп, тууну өзгөрткөн элге, мамлекетке кандай жакшылык алып келет?

Сонунбүбү Кадырова, акын:
-- Эл менен эсептешпеген канча бийликти көрдүк? Кудайга шүгүр, чыныгы азаматтар келишип, ар бир чечимин элден сурап, иш алып барып жатышат. Болбосо буга чейин билинбей эле өзгөрүп жүрүп отуруп, акыры күнкарамага окшошуп калган күндү унчукпай эле оңдоп койсо, эч ким деле маани бермек эмес. Эмне деген күндөр башыбыздан өтпөдү? Башмыйзамдын түп нускасы жоголуп кеткенде деле унчукпай отурбадык беле? Бул жөн эле шылтоо. Мамлекет тынчыбай ызы-чуу болуп турсун деген күчтөр бар. Мурдагы өткөн бийликтер жалаң ачкөз, жемкор, арамдан байыгандардын күчү менен жашап келишкен. Азыркылардын душманы оңой эмес. Баары колунда бар арам тамак боккурсактар. Ошондуктан карапайым эл муну туура түшүнүп, колдошубуз керек. Өлкөдө болгон нерсенин баарын бийликке жабыштырган, элге жек көрсөткөн, сааттай иштеп жаткан топтор бар. Ошолордун тилеги ташкапсын!

Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу:
-- Бул окуялар убакыттын өтүшү менен унутулуп калбайт. Туунун мыйзамсыз алмашканы жараатты күчөткөнгө барабар го? Үстөккө-босток саясый чоң каталарды кетиришти. Мындай көрүнүштөр боло берсе, эл ичиндеги нааразычылыкты күчөтөт. Анткени, символикалар оюнчук эмес. Аяр мамиле кылынчу нерселер. Аларды алмаштырууга ашыкпай, мамлекеттеги маанилүү маселелерди чечиш керек.
Арстан Алайдын бейкүнөө шейит кеткени элдин жүрөгүнө найза менен сайгандай тийди. Мынчалык мыкаачылык менен аны о дүйнөгө кетирүүнүн эмне зарылчылыгы бар эле? Ал бийликке каршы иштебесе, аны эмнеге камашты? Айрымдар “динге берилген камактагылар жайлады” деген ойду айтып жатышат. Чынында диний агымдар андай ишке барганга батына алышпайт. Мүмкүн Арстан Алайдын өлүмү менен бийликтин ичиндеги жарыла албай турган жараны жарып, абалды курчутууга, ырбатуу аракеттер көрүлгөнбү? Ушундай ойго аргасыз жетеленип жатам.










