Эрнест Карыбеков, эксперт: “Кочкор аймагына Эр-Төштүк борбор шаарыбыздын долбоорун иштеп чыгалы”

-- Эрнест мырза, борбор калаабыздагы булганган абаны кантебиз? Бул көйгөйдү канткенде чечебиз?
-- Азыркы өкмөттүн жана мэриянын аракети ыш маселесин чечпейт. Биринчиден, Бишкек жана Чүй облусунда Кыргызстандын башка региондоруна караганда ашыкча эл, транспорт, өндүрүш көп. Экономика саясаты ушундай, эл аргасыз Бишкекти тегеректеп, үй-бүлөсүн бакканга, иштеп каражат тапканга келген. Экинчиден, борбор калаада башаламан курулуштарды куруп, илимге таянбай калышкан да. Көп кабаттуу үйлөрдү эрежени эске албай кура берген үчүн шаардын ичинде шамал жүрбөй, күнгөй жагы каралбай, баардыгы тескей болуп калган. Ошондой эле Бишкекти каптаган түтүн жылбайт, өйдө көтөрүлбөйт. Анткени, аны айдай турган шамал жок. Транспорттук тыгын көп, андан чыккан түтүндөр жана ТЭЦтен чыккан ыш, эл жаккан көмүрдүн баары абаны булгайт. Муну чечиш үчүн бир эле жол калды – борборду башка жерге салыш керек.
-- Кайсы жакка көчүрүүнү сунуштайт элеңиз?
-- Кочкор районуна көчүрүүнү сунуштайт элем. Маселен, Кочкордон Жумгал районунуна кеткен жолдун боюнда Кызарт ашуусуна чейин беш Бишкек баткандай өрөөн бар. Ошол жер жаңы Эр-Төштүк деген борборго ыңгайлуу. Биринчиден, курулуштарды Бишкекке курбай ошол жерге курсак, экономикага жардам болот эле. Экинчиден, ал жер Кыргызстандын ортосу, Кытай чек арасына жакын, өзүнчө буфердик ролду аткарат. Үчүнчүдөн, ал жерден 80 километр алыстыкта Кара-Кече жылуулук электр станция бат эле даяр болот. Датка-Кемин 500 кв. ЛЭП жаңы жолду аралап, станциянын жана Эр-Төштүктүн түбүнөн өтөт. Төртүнчүдөн, инфраструктура даяр. Жаңы борбор бир эле электроэнергия менен эксплуатация кылат. Таптаза шаарга айланат. Бешинчиден, көп болсо 15 жыл курулат. Кыргыздар миграциядан кайтып, жаңы шаар салып, үй-бүлөсүн багышат. Жетпесе, чет өлкөлүк мигранттар жардам беришет. Алтынчыдан, Ысык-Көл, Соң-Көл, Чатыр-Көл, эң кооз жайлоолор жакын. Туризм өнүгөт. Жетинчиден, жаңы жолдун кредитин бат кайтарабыз. Башында бекер грант алып, мисалы, Япония шаар салгандарга эң биринчилерден болуп беришет. Япондук институт өздөрүнүн грантына бизге Эр-Төштүк борборубуздун долбоорун иштеп беришмек. Демек, борбордун техникалык экономикалык долбоору бизге бекер буюрмак. Астананы Назарбаев ошенткен. Ошондо Бишкек жана Чүй, деги эле жалпы Кыргызстан бузулган абадан арылмак. Эгер мен сунуштаган долбоор ишке ашса, өлкөдө ыш азаймак, электроэнергиянын баасы 1 сом болмок, эл көмүр жакпай калмак. Эң башкысы, борбор көчсө, өкмөт, парламент, администрация, бүт мамлекеттик кызмат көчүп, Бишкек эс ала түшмөк.
"Азия Ньюс" гезити