Акыркы кабарлар
» Шоу-Бизнес » Мирбек Атабеков: “Үч баланын атасы болсом да, баары бир жүрөк жаш!”
Мирбек Атабеков: “Үч баланын атасы болсом да, баары бир жүрөк жаш!”
08-сентябрь, 13:11
1 211 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌КР эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков өзүнүн социалдык баракчасына үй-бүлөсүнүн сүрөтүн бөлүштү.
“Ошентип билинбей үч баланын атасы болуп калыптармын көрсө! Бирок, баары бир кайран жүрөк жаш!” деп пост жазды ырчы.
Күйөрмандары ага жана үй-бүлөсүнө жакшы каалоо-тилектерин калтырышууда.
Эскерте кетсек, Мирбек Атабеков 1986-жылы 11-августта Талас облусунун Талас районунун Жон-Арык айылында туулган. Билими жогорку. Бишкектеги №67 гимназияны бүтүргөндөн кийин улуттук университеттин экономика факультетинен билим алган. Жубайы Мээрим Төлепберген.