Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акылбек Жамангулов: «Биз мыйзам баарына бирдей болгон ѳлкѳнү тандайбыз!»

Акылбек Жамангулов: «Биз мыйзам баарына бирдей болгон ѳлкѳнү тандайбыз!»

04-сентябрь, 15:53
764 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Муну Акылбек Жамангулов бүгүн, 4-сентябрда «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынын үгүт ишинин расмий башталышына арналган иш-чарада айтты. Партиянын салтанаттуу иш-чарасы Бишкектеги Жеңиш аянтында ѳтүп, ага партиянын лидерлери, мүчѳлѳрү жана тарапташтары катышты. 

Шайлоого партиянын тизмесин баштап бараткан Акылбек Жамангулов ѳз сѳзүндѳ партиянын алдыда аткарчу иштери, максаттары жѳнүндѳ сѳз кылып, элдин турмушун жакшыртуу, ѳлкѳнүн экономикасын ѳнүктүрүү багытына аткарчу иштерине токтолду. 

«Кыргызстандын башкы байлыгы -- бул адамдык потенциал, ал эми негизги стратегиялык инвестициялар -- бул адамдарга жумшалган инвестициялар деп ишенем», - деди ал. 

Ошону менен бирге ал «Биримдик» партиясы кызматына жана артыкчылыктарына карабай турган, ѳзүм билемдикке жол бербей турган, мыйзам баары үчүн тең болгон ѳлкѳнү тандай турганын белгиледи. 

Партиянын идеологиясына токтолгон Акылбек Жамангулов партия социалдык адилеттүүлүккө негизделген демократиялык социализмдин принциптерин жана бирдиктүү географиялык жана цивилизациялык мейкиндиктин -- Евразиянын аймагында жашоо жана өнүгүүнү тандоого негизделген евразиячыл саясый философиянын идеяларын жетекчиликке аларын, ушул макроаймактагы элдер менен өлкөлөрдүн ортосундагы бир туугандык кызматташтыкка өзгөчө маани берерин айтты. 

Соңунда ал партиянын курамына мыкты, кесипкѳй адамдар чогулганын, алдыдагы максаттарды ишке ашырууга партиянын күчү жетерин баса белгилеп, шайлоодо «Биримдик» партиясын колдоого алууга чакырып ѳттү. 

«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер