Акыркы кабарлар
» Шоу-Бизнес » Шайыр Касымалиева: «Апакемдин жанына барып жата албайм азырынча…»
Шайыр Касымалиева: «Апакемдин жанына барып жата албайм азырынча…»
28-декабрь, 12:13
5 469 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Актриса Шайыр Касымалиева “өлбөгөн жанга өмүр улана берет экен, апакемдин жанына барып жата албайм азырынча” деп апасын эскерди.
“Өлбөгөн жанга жаз да келээр, дегендей, өлбөгөн жанга өмүр улана берет экен... апакемдин жанына барып жата албайм азырынча. А бирок жүрөгүмдө аны менен биргемин. Жашоомду ар түскө боёп, көңүлүмдү көтөрүп түрган, жөжөлөрүм, балапандарым окуучуларыма рахмат. Алар бар. Демек, иштеш керек. Кечээ күнү мектебибизде жаңы жылдык кече өткөрүп, бири-бирибизге кубаныч тартууладык” деп Инстаграм баракчасына жазды.
Эскерте кетсек, актрисанын апасы Гүлнара Суранчиева 9-декабрда 73 жашында көз жумду. Ал Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында грим бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.