Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Исхак Пирматов коррупционер катары жоопко тартылабы, же “соодалашабы”?

Исхак Пирматов коррупционер катары жоопко тартылабы, же “соодалашабы”?

22-январь, 21:11
1 753 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Буга чейин депутат Исхак Пирматовго “Кыргызнефтегаздагы” коррупциялык ишмердиктери, миллиондогон доллар өлчөмүндө мамлекетке зыян келтиргени боюнча кылмыш иштери козголбоду беле? Андан сырткары "Манас" эл аралык аэропортундагы май ташуу боюнча көмүскө бизнес жүргүзгөнү, Бишкек мэриясынан жерлерди алганы, о.э. Чүй облусунан да жүздөгөн айыл чарба багытындагы гектарларды энчилегени ыраспы? Беловодскидеги, Балыкчыдагы жана түштүк регионундагы нефтебазаларды менчиктештирип алганбы? Деги эле Исхак Пирматовдун шектүү ишмердиктерин күч органдары эмнеге ачыктабайт?” деген собол таштадык. 

Төлөйкан Исмаилова, укук коргоочу:

-- Сурооңуз өтө татаал экен. Кептин баары кыргызча айтканда, “иттин өлүгү кайда көмүлгөн?” дегендей суроо тура. Кыргыз мамлекети эгемендик алган 30 жылдан бери сот системасы бийликтин башындагы адамга көз каранды болуп келген. Алардын айдагына жараша иш кылышат. Бирок, бийликке ким келбесин, “биз сот реформасын жүргүзөбүз. Алар бизге көз каранды эмес” деген сайын кептин баары ошол жакта сыяктанат. Коррупция боюнча канчалаган кылмыш иштери козголот? А жыйынтыгында айдакталган сот коррупционерлерди актап коюп атышпайбы! Өлкөдө эгемендүү, ачык сот болмоюнча, “бул, же тигил коррупционер” деп айта албайбыз. Анткени, “презумпция невиновности” ар бир жаранга таандык. Сот системасында реформаны жана эгемендүү сотту эл күтүп жатат. 

Кубаныч Кадыров, коомдук ишмер:

-- “Калк айтса калп айтпайт” дегендей, убагында “Кыргызнефтегазда” башчы болуп турганда өтө чоң коррупциялык иштерди жасаганы боюнча кылмыш иши ачылып, аягына чыкпай калган. Себеби, экс-мэр Албек Ибраимов жардам берип, Жогорку Кеңештеги КСДП аркылуу жабылып калган сыяктуу. Бирок, мындай иштер бекер бүтпөсүн эл-журтубуз айдан-ачык билет да. Мындан тышкары, Албек Ибраимов экөө аэропортко барганы бирдикте көп мыйзамсыз, коррупциялык иштерди жасаганы тууралуу да айтылып жүрөт. Мурунку “Ала-Тоо” мейманканасын эски маданий маанидеги статусуна карабай талкалап, буздурушуп, анын ордуна көп кабаттуу үйлөрдү салдырып жатышат (Эркиндик бульвары). Бүгүнкү күнү мага жеткен маалымат боюнча, “кайра кылмыш иши ачылып, миллиондогон акчаларды кайтарып берип жатыптыр” деп угуп атам. 

Өндүрүш Токтонасыров, укук коргоочу:

-- Пирматовго байланыштуу коррупциялык иштер көптөн бери эле келатат. “Кыргызнефтегаз”, андан кийин аэропорт, деги койчу, мына ушулар маал-маалы менен же болбосо бийлик алмашканда эле көтөрүлүп, аз өтпөй Пирматов сүттөн ак, таза болуп чыга келет. “Отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн” болуп. Бул да өзүнчө “талант”. Коррупция менен күрөш мамлекет үчүн оюнчук эмес. Коррупционерлерге системдик подход кылуу керек. Коомчулукту шылдыңдагансып “Пирматов коррупционер экен” деп айтуудан мурун, анын коррупциялык иштерин сот аркылуу далилдеп, мамлекетке канча зыянды кандай жол менен келтиргенин аныктагандан кийин гана жалпы элге алып чыгыш керек. Антпесе, эчтеке боло электе эле “коррупционер экен” деп алышып, аз өтпөй “таза” болуп чыгып калып атат. Муну биз кандайча түшүнөбүз? Ооба, Пирматовдун арты таза эмеспи, “куйругу” булганганбы? Бул суроо бойдон калууда. Бизде Пирматовго окшогондор толуп атат... 


Пирматовдун коррупцияга шектүү жоруктарына Садыр Жапаров кандай чара колдонот?

Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр болуп дайындалгандан кийин түштүк регионун кыдырууга барган. Эл менен жолугушуу учурунда бир пенсионер ачыктан-ачык эле “урматтуу Садыр мырза, урматтуу Камчыбек мырза, бизде Пирматов Исхак Айтбаевич деген коррупционер бар. Бул жигит 586 миллионду бензин менен соляркага, анын үстүнө бир бакчаны, бир заводду, Шопоковдо 10 миллион долларлык базаны 7 миң долларга алган. Бул коррупциялык ишти ачкан балдар 2011-жылы бир жылдан ашуун отуруп, азыр ишсиз талаада калышты. Ушул ишти карап бериңиз? Менде баардык далилдүү кагаздар бар” деп кайрылып, бир чоң папке кагазды көргөзгөн. 

Бул боюнча президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чара колдондубу? Чын эле эмне үчүн бул иш ачыкталбай атат? Коомчулук күтүп атат да. Же “жең ичинен соодалашууга” өтүштүбү? Мындай жорукка ишенбей туралы, жаңы бийлик төбөлдөрү тескери жолго барышпаса керек... Үмүт бүлбүл жанууда...



Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер