Кечээ коррупцияга айыпталган Юруслан Тойчубеков акыл үйрөткөндө
2015-жылы Юруслан Тойчубековго “Коррупция”, “Кызмат абалын кыянаттыкта пайдалануу” боюнча кылмыш иштери козголгон. Ал качып кетип, артынан издөөгө алынган эле. Ошентип, беш жылдай качып жүрүп, Октябрь төңкөрүшүнөн кийин пайда болуп, учурда элге акыл үйрөтүп жүрөт. А катар-катар козголгон кылмыш иштерин жаптырып койдубу? Эмне ал боюнча айтпайт? Эгер Юруслан Тойчубеков оппозиционер болсо, бийликти сындаса, анда саясый куугунтук катары бааланып калат эле. Жо-ок, бул өмүр бою чиновник болгон адам да. Байлыгы арбын... Таңгаласың, эмне, кош стандарттуу саясат башталдыбы? Өзү унчукпаса да, укук коргоо органдары Тойчубековдун кылмыштарынын ток этеринен айтып коюшпайбы? Бири-бирине шылташпай. Кантип таза коомду курабыз? Шек кетип атса...
"Азия Ньюс" гезити