Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Назарбаевди быйтыкчаларга түшүргөн автор токмоктон каза болду

Назарбаевди быйтыкчаларга түшүргөн автор токмоктон каза болду

20-октябрь, 12:38
421 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Алматыда Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевди сүрөттөгөн быйтыкчалардын автору, дизайнер Сабит Сырахан (Bisen) ур-токмоктон улам каза болду. Бул тууралуу жекшемби күнү анын тааныштары билдиришти.

«Бисен эми биз менен эмес! Досумду тепкилеп кетишти! Айбандар! Бир соо жерин калтырышпаптыр! Аны бут кийиминен тааныдык» деп жазды маркумдун досу, рэпер Бекболат Кайдаров "Instagram" баракчасына.

Алматы шаардык полиция департаменти кылмышка шек санап Сарыхандын сүйлөшкөн кызынын агасы кармалганын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, шектүү суракка алынып, күнөөсүн мойнуна алды. Азыр ал убактылуу кармоочу жайда камакта.

«18-октябрга караган түнү короолордун биринде белгисиз адамдар урушуп, мушташа баштаганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Алардын бирөө жыгылып калган, экинчиси качып кеткен. Келген “тез жардам” кызматкерлери жерде жаткан киши каза болуп калганын айтышты» деп жазылган департаменттин билдирүүсүндө.

31 жаштагы Сырахандын башка белгилүү эмгектеринин арасында «Нурсултандын көзү» аттуу логотип бар. Сырахан мындан тышкары популярдуу “Streetwear” брендинин дизайнери болуп эсептелет.

2019-жылы президенттиктен кеткен Нурсултан Назарбаев көптөгөн ыйгарым укуктарын сактап калган. «Елбасы» титулу анын ар-намысына шек келтирген же сүрөтүн кордогон адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга мүмкүндүк берет.

“Азаттык”
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер