Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Сабалган кыз арыз жазуудан баш тартты
Сабалган кыз арыз жазуудан баш тартты
13-октябрь, 16:44
884 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Эки күндөн бери социалдык тармакта Бишкектеги «Дордой Моторс» базары тарапта жаш кызды белгисиз жаран сабап жаткан видео тараган. Видеодо кызды сабап жаткан жаран өзүнүн бир тууган агасы экени тастыкталды. Бул тууралуу Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кызды сабаган жарандын өздүгү аныкталып, «бейбашчылык» беренеси менен кылмыш иши козголду. Кызды сабаган жаран 1995-жылы туулган А.Ж. экени такталды. Алар көрсөтмө берүү үчүн райондук милиция бөлүмүнө алынып келинген. Бирок сабалган кыз агасына карата арыз жазуудан баш тарткан.