Акыркы кабарлар
» Экономика » Вице-премьер азык-түлүккө болгон баа жогорулай турганын айтты
Вице-премьер азык-түлүккө болгон баа жогорулай турганын айтты
23-март, 16:52
1 311 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Вице-премьер Эркин Асрандиев маалымат жыйын учурунда азык-түлүккө болгон баа жогорулай турганын билдирди. Ал буга чейин финполдун кызматкерлери бааны жасалма түрдө жогорулаткандарды ооздуктаганын белгиледи. Бирок, учурдагы мониторинг боюнча айрым азык-түлүккө болгон баа үч пайызга чейин кымбаттай турганын айтты.
“Ошондуктан баарыңарды баанын көтөрүлүшүнө даяр турууга чакырмакчымын. Кризистин кесепетинен инфляция өсүп жатат. Бирок, өкмөт баалардын кескин жогорулап кетишине жол бербөө боюнча иш алып барууда” деди Асрандиев.