Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Ош ОИИБ: “Кара-Суудагы алынган каражат боюнча иликтөө иштери жүрүүдө”
Ош ОИИБ: “Кара-Суудагы алынган каражат боюнча иликтөө иштери жүрүүдө”
02-октябрь, 23:07
433 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌2020-жылдын 1-октябрында Ош ОИИБнин нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн, анда 2020-жылдын 1-октябрында саат 18:00 чамасында Кара-Суу районунун Нариман айылында белгисиз адам тарабынан акча сунушталып жаткандыгы айтылган.
Аталган маалымат Ош ОИИБнин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Алгачкы тергөөнүнүн жүрүшүндө 2020-жылдын 25-сентябрында Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айылынын жаранында жалпы суммасы 313.000 сом акча каражаты бар экендиги аныкталган. Азыркы учурда кайсыл бир партияга тиешеси бар же жок экендиги боюнча тийешелүү тергөө амалдары аткарылууда.
Ош ОИИБнин басма сөз кызматы