Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Каза болуп, жерге коюлган аял балдарына телефон чалып чакырган

Каза болуп, жерге коюлган аял балдарына телефон чалып чакырган

18-август, 16:42
1 604 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бул тууралуу өзбек басылмалары билдиришкен. Маалыматта төмөнкүдөй айтылат.

“Апам катуу ооруп, ооруканага жаткыргандын эртеси “каза болуп калды” деген кабар келди. Үчөөбүз сөөктү алып кетиш үчүн ооруканага бардык. Кара целлофанга тыгыз оролгон сөөктү алып келдик. Дарыгерлердин “ачпагыла” деген нускамасынын негизинде жерге бердик. Албетте, өтө оор кайгы жутуп, аза үйүнө айланып отуруп калдык.

Арадан 4-5 күн өткөндөн кийин телефонума бирөө чалып калды. Алсам апамдын үнү: “Балам, эмне үчүн менден кабар албай жатасыңар?” деп капалуу сүйлөдү. Таңкалып, туугандарыма айтып, ооруканага бардык. Алар бизден кечирим сурашты. Көрсө, алардын жаңылыштыгынан улам башка бирөөнү жерге бериптирбиз. Кудайга шүгүр, апабыз айыгып, ооруканадан чыкты” деп уулу билдирүү жасаган.

Бул окуяга саламаттык сактоо министрлиги расмий түрдө каза болгон бейтаптын сөөгүн бир эле дарыгер туугандарынын колуна өткөрүп бере албасын, шалаакылыкка жол бергендер жооп берерин билдирген. Ал эми сөөктү өткөрүп берүү боюнча республикалык патологиялык анатомия борборунун директору, профессор Ражаббой Исроилов “биринчиден, дарыгер сөөктү туугандарына өткөрүп берүү жараянына кийлигишпейт. Экинчиден, бардык иштер белгиленген тартипте патологиялык анатомия институтунда жүргүзүлөт. Мындан тышкары, сөөктү ороп алганга чейин мекеменин кызматкери, албетте, туугандарына жүзүн көрсөтүп, тактайт. Бардык процесстер документте толук чагылдырылган” деп жооп берген.

Учурда коронавирустун айынан каза болгон бейтаптарды көмүү өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана республикалык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл агенттигинин кызматкерлеринин катышуусунда жүргүзүлүп жаткандыктан, ар кандай каралоого жооп берип, жазага тартылары тууралуу билдирген.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер