Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Орусияда атып өлтүрүлдү” делген кыргызстандык чемпион тирүү экени айтылууда

“Орусияда атып өлтүрүлдү” делген кыргызстандык чемпион тирүү экени айтылууда

08-август, 16:01
495 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Орусиянын Ингушетия Республикасындагы атышуудан каза болгондордун арасында эркин күрөш боюнча Азия чемпиону Муслим Евлоев жок. Бул тууралуу аталган республиканын укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булак орусиялык басылмаларга билдирген. 

"Жок кылынган адамдардын өздүгү аныкталды, алар мыйзамсыз куралдуу топтун мүчөлөрү", - деп билдиришкен укук коргоо органдарынан.

Укук коргоо органында иштеген ишенимдүү булактын билдиришинче, Муслим Евлоев качып кеткен. Анын тууганы кармалган.

Атайын операция өткөн аптада офицердин өлтүрүлүшү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн.

Буга чейин Кыргыз өлкөсүнүн атынан Азия чемпиону аталган Муслим Евлоев атып өлтүрүлгөндүгү кабарланган.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер