Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » КОВИД-19: Индиядагы кайгы, дарыяга ыргытылган сөөктөр...

КОВИД-19: Индиядагы кайгы, дарыяга ыргытылган сөөктөр...

16-май, 13:35
1 212 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Индия өлкөсүндө коронавирустан каза тапкандардын саны болуп көрбөгөндөй көбөйдү. Бул боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу “Марал” радиосу жарыялады.

Анын божомолунда, вирустан көз жумгандардын саны расмий айтылгандан да алда канча көп болушу мүмкүн. Себеби акыркы күндөрдө Ганг дарыясынын жээгинен да өлгөндөрдүн сөөгү табыла баштады. Крематорийге кезек жетпей калгандан улам, эл өлүктөрдү дарыяга таштай бериши мүмкүн.

Бул маселе боюнча Индиянын суу чарба министри Гажендра Сингх Шекхават да бийликке кайрылуу жасап, сөөктөрдү дарыяга таштоону тез арада токтоттурууну, жээкке чыгып калган жана дарыянын түбүндөгү өлүктөрдү тез арада жок кылууну талап кылды.

Буга чейин Бихар штатынын тургундары дарыянын жээгинен жүздөн ашуун адамдын өлүгү табылганын, алар коронавирустан каза табышы мүмкүн экенин жергиликтүү бийликке айтышкан. Бийлик бул боюнча жеринде иш алып барып, 75 адамдын сөөгүн дарыядан алып чыгышканын билдирген. Ал эми жергиликтүү басылмалар крематорий кымбат болгондуктан, акча төлөөгө мүмкүнчүлүгү жоктор жакындарынын өлүгүн дарыяга ыргытып ийиши мүмкүн экенин жазышууда. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер