Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргыз сому кайсы өлкөлөрдө басылат?

Кыргыз сому кайсы өлкөлөрдө басылат?

10-май, 12:25
2 500 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Улуттук банктын накталай акча башкармалыгынын жетекчиси Медина Аширалиева улуттук валюта кайсы өлкөлөрдө басылып чыгарын жана бул эмнеге байланыштуу экенин айтып берди.

Бүгүн, 10-майда Кыргызстандын улуттук валютасынын негизделген күнү белгиленет. Алгачкы ирет сом 1993-жылы жүгүртүүгө чыккан.

Аширалиеванын айтымында, өлкөдө банкнот чыгаруучу өндүрүш жок, ошондуктан акчалар чет өлкөлөрдө басылат.

"Банкнот жана тыйын жасоочулар тендердик негизде аныкталат. Азыркы учурда улуттук валюта англиялык De La Rue жана франциялык Оbеrthur Fіduсіаіrе компаниясы тарабынан басылат. Ал эми тыйындар Нидерланд королдугунун монета сарайынан чыгарылат. Бул компаниялардын продукциясы жогорку сапатта корголгон стандарттарга дал келет" деди Улуттук банктын адиси.

Ошондой эле ал банкнотторду Кыргызстанда чыгаруу пайда алып келбей турганын белгиледи. Бул үчүн уникалдуу техника жана жабдуу, капиталдык чыгым талап кылынат, азырынча өлкөнүн мындай мүмкүнчүлүгү жок.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер