Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Атамбаев саясый күрөш бүтө элек экенин кыйытты

Атамбаев саясый күрөш бүтө элек экенин кыйытты

18-август, 22:41
2 802 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бизге жеткен маалымат боюнча алсак, алыстагы Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу калыбына келип, маанайы жакшы экен. Өткөн-кеткенден сабак алып, келечекке дүрбү салып, Кыргызстандагы саясый кырдаалга баа берип атса керек. (Тар чөйрөлөрдө талкуу жаралууда). Айтмакчы, өткөн аптада Кой-Таш окуясы боюнча кайрылуу жасап, керек болсо Гаага сотуна чейин барарын эскертти. Бийликке кулак кагыш кылды. Ошол эле Сооронбай Жээнбеков, Кашкар Жунушалиев жана Орозбек Опумбаев баш болгон мурдагы кызмат адамдары чагымчылык жасагандарын баса белгилеп, алар Кой-Таш окуясына күнөөлүү экенин билдирди. Ошентип, тарых барактары астында Алмазбек Атамбаев тарапташтары менен акталууга далалат жасаганы байкалды. Демек, саясый күрөш бүтө элек. Коомдук абалды таразалап, мерчемин күтүп жаткандыр. Кайсы күнү учуп келип калат болду экен?..  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер