Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Токмоктогу кароосуз калган үйдө 3 күндө 3 жигит өзүн өлтүрүүгө аракет жасады

Токмоктогу кароосуз калган үйдө 3 күндө 3 жигит өзүн өлтүрүүгө аракет жасады

22-ноябрь, 16:43
2 363 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Чүй облусунун Токмок шаарында 23 жаштагы жигит кароосуз калган 9 кабаттуу үйдөн секирүүгө аракет кылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 21-ноябрда өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө Жантаев көчөсүндө жайгашкан кароосуз калган имаратта 1998-жылы туулган О.Д. 9-кабаттан секирүүгө аракет кылып жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге 4 куткаруучу жана милиция кызматкерлери тартылып, жигитти куткарып калышты.

Ал эми 20-ноябрь күнү Токмок шаарында дагы бир жигит кароосуз калган тогуз кабаттуу үйдөн секирүүгө аракет кылып, ӨКМдин кызматкерлери куткарып калган. Жигит үй-бүлөлүк шартка байланыштуу ушундай кадамга барганы белгилүү болгон.

19-ноябрда да ушул эле жерде ушундай эле жагдай катталган. Жигит кыз менен уруша кетип, мас абалында бийик кабаттан секирүүгө аракет кылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери аны куткарып калууга жетишкен.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер