Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Бишкекте 13 жаштагы Адинай Жаныбекова изделүүдө
Бишкекте 13 жаштагы Адинай Жаныбекова изделүүдө
17-ноябрь, 19:41
3 100 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бишкекте 13 жаштагы Адинай Жаныбекова дайынсыз болуп изделүүдө. Свердлов РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, өспүрүм кыз 14-ноябрдан бери дайынсыз.
“Милиция кызматкерлерине 14-ноябрда шаар тургуну арыз менен кайрылган. Арыз ээси 2008-жылы туулган Адинай Жаныбекова аттуу карындашы ошол эле күнү саат 14:30 чамасында Сүйүнбаев-Осмонкулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайрылып келбегенин айткан” деп айтылат билдирүүдө.
Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө иштери башталды.
Изделип жаткан кыздын белгилери: бою 155-160 сантиметр, орто салмакта, чачы кара. Ошол күнү кара күрмө, жынсы шым жана ак түстөгү спорттук бут кийим кийип жүргөн.
Адинай Жаныбекованы көргөн-билгендер болсо, кабар берип коюуну милиция кызматкерлери суранышат. Байланыш номерлери: 0555-15-03-41 же 102.