Сүйүнбек Касмамбетов – Манасы жок Бакай атадай...
Бийликтин беделин көтөргөн саналуу гана аткаминерлер бар. Алардын сап башында мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов турары талашсыз чындык. Жетекчи катары ырааттуу жүрүшү, тазалыгы, билиминин тереңдиги, ой-чабытынын кенендиги менен өзгөчө. Түпкүрдө катылып жаткан кыргыз баалуулуктарын, нарк-насилин, салт-санаасын жадыбалдай жатка билет. Эпикалык жанрдан алабызбы, уламыштарбы, фольклорбу, айтор, улуттук уңгу мурастарыбызды жипке тизген шурудай кынаптай алганы, “Манасты” жандүйнөсүнө бекем сиңиргени, бүтүндөй бай дүйнө таанымын алмадай башына батырганы... чын эле баракелде! Бир эсе таңгалычтуу.
Ооба, ар бир доордо башкаларга окшобогон, өз чыйыры менен артына из калтырган сейрек инсандар боло келген. Ушундай. Биздин каарманыбыз XXI кылымдагы жарык жылдыз. Комуз чертип ырдаса, айтыш өнөрүнө эргисе, куйкум тилин безесе, чечендиги ат жалына казан асса, Манас айтса, кыскасы, байыркы даанышмандар образын элестеткен табияты, бап келишкен таланты бар. Суктанарлык.
Мындай деңгээлдеги адам саясатка аралашып эмне кылат? Ыплас чалчыктан обочо туруп, улуттук баалуулуктардын алкагында насаатын айтып, жол көрсөтсө, карапайым калкка ошол эле керек да. Президенттер, акылбектер келишет, кетишет. (Төңкөрүштөр, жо-ок, болбой эле койсун!). Ал эми мамлекеттик идеологияны жөндөгөн, кечээги баатыр мүнөз рухубузду ойготкон, кылымдардан сакталып келаткан кыргыздарды дагы миңдеген жылдарга жалгап, шам чырак жаккан Сүйүнбек Касмамбетов көч улай берсе. Эмнеси менен? “Өнөр алды кызыл тил” дейт. Ал насаатчы, акылгөй да, оозунан чыккан орошон сөзү аркылуу багыт бергени огожо. Байыркыдан азыркыга чейинки дил баяндарын уккан адам энергия алып, аруулукка чулганат. А жандүйнөнүн тазарышы чоң коңгуроо эмеспи. Мээ чөйчөктөгү уктап жаткан чыбырчыктар ойгонсо, ошол керек эй!
Сүйүнбек Касмамбетов – кут даарыган агартуучу. Аны сүрөп, коштоп туруу керек. Табы жарашса алыска, өргө чуркайт. Сыягы, алдыда дагы далай куу бел, ашуулар бар...
Өкүнүчтүүсү, ал азыркы доордогу Манасы жок Бакай атадай... Бирок, карааны эле канчалык? Сыр каткан бийиктиги ушунда...