Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дастан Бекешов: "Инвесторлор жана бизнесмендер кооптонуп жатышат"

Дастан Бекешов: "Инвесторлор жана бизнесмендер кооптонуп жатышат"

02-ноябрь, 12:11
408 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Дастан Бекешов “Азаттык медиасынын” банктык эсептери бөгөттөлгөндүгү инвесторлордун кооптонуусун жаратарын билдирди. "Кечээ “Азаттык” үналгысынын банктык эсептери бөгөттөлдү” деген маалымат чыкты. Бөгөттөө үчүн үч эле учурда негиз бар: салыктарды төлөбөй карыз болсо, экинчиси – акча адалдоо же террористик уюмдарга акча которсо, ал эми үчүнчү учур болсо – соттун чечими менен. Мыйзамды бузбашыбыз керек. Бул өтө жаман көрүнүш. Себеби чет өлкөлүк инвесторлор жана жергиликтүү бизнесмендерде “Азаттыктын” банктык эсебин бөгөттөсө, демек, каалаган башка эсептерди да бөгөттөсө боло береби?” деген суроо пайда болду. Бул банктык сектор үчүн терс көрүнүш" деди Бекешов. 

Ошондой эле ал президенттин парламенттеги өкүлүнөн бул маселе боюнча так маалымат берүүсүн суранды. Белгилей кетсек, "Азаттык медиа" мекемесинин "Демирбанктагы" эсебине бөгөт коюлганы маалым болгон. Азаттык тараткан маалыматка караганда, аталган банк алардын эсебине бөгөт коюлгандыгын 31-октябрда билдирген. Банктын өкүлдөрү УКМКдан билдирме алышканын айтышкан. Ошондой эле Азаттык медиасы эки тарапка тең расмий түшүндүрмө сурап кат жөнөткөнүн, азырынча жооп келе электинин кошумчалаган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер