Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Бишкекте эркек кишини тоноп, андан соң көрүстөнгө алып кетишкен
Бишкекте эркек кишини тоноп, андан соң көрүстөнгө алып кетишкен
01-ноябрь, 17:07
375 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бишкекте эркек кишини тоноп, андан соң аны шаардын четине унаага салып алып кетишкен. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкан.
12-сентябрда милицияга шаардын тургун кайрылып, ошол күнү болжол менен саат түнкү 03.00дө Чортеков жана Күйүкова көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар анын 1300 доллар турган iPhone-12 телефонун күч менен тартып алып, андан соң унаага күчтөп салышып, шаардын четиндеги көрүстөнгө алып барышканын айткан. Ал каракчылардын колунан эптеп кутулуп, качып келген.
Бул окуядан соң бир жарым ай өтүп, 28-октябрда аталган окуяга шектүү 1999-жылы жана 1997-жылы туулган эки жигит кармалды. Алар убактылуу кармоочу жайга камалды. Тоноо жана адам уурдоо беренелери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.