Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Дайынсыз болуп жаткан бир тууган Асановдордун биринин жансыз денеси табылды
Дайынсыз болуп жаткан бир тууган Асановдордун биринин жансыз денеси табылды
07-февраль, 13:30
533 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бишкекте дайынсыз болуп жаткан бир туугандардын бири Кубат Асановдун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда жансыз денеге кароо жүргүзүп жатышат. Ал эми туугандары аны таанышкан.
Кошумча маалымат берилерин билдиришти милициядан.
Буга чейин Бишкекте Канат Асанов 9-январдан бери дайынсыз болсо, аны иниси Кубат Асанов 15-январда издеп чыгып, ал дагы ошол күндөн бери дайынсыз эле.
“Бир туугандардын эч кандай материалдык байлыгы, бизнеси деле жок болчу. Жөнөкөй, карапайым эле адамдар. Алардын бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз болуп жатканы бизди тынчсыздандырууда”, - деп билдирген Асановдордун жакын адамы.
Aryba.kg