Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Текебаевдин адамдык бийиктиги же чуулгандуу сүрөттүн таржымалы

Текебаевдин адамдык бийиктиги же чуулгандуу сүрөттүн таржымалы

13-октябрь, 14:59
854 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Саясатчы Өмүрбек Текебаевдин абактан чыкканда айткан сөзү бар: “Мен Атамбаевге эч качан жамандык каалабайм. Миң жамандыкты бир жакшылык жеңет. Түрмөдө жатып дагы анын иши мыйзамдуу тергелишин айткам” деген. Атамбаев күпүлдөп бийликте турганда ага Текебаев эле душман болчу. Ал эми Атамбаевден дөөлөт качканда аны “тепкилегендер” четтен чыккан. Текебаев башкаларга окшоп жаткан адамды кошо тепкилеген жок. Тескерисинче, Атамбаев Текебаевге аёосуз, кечирилгис кастык кылса да, адилет сөзүн айтты. Саясатта адамдар элдин кызыкчылыгы үчүн жеке сезимдерге берилбеши керек. Кыргызда аш-той же өлүм болобу, душман болсо да катташмай мүнөзү бар. Буларды эмнеге айтып жатам? 

Бизде мурда эле тойлор саясый иш-чарага айланып келген. Бирок, демалыш күнкү депутат Руслан Казакбаевдин уулун үйлөнтүп той бергени, ага саясатчылардын баарын чакырганы кызуу талкууга түштү. Үйлөнүшкөн жаштарды, той кайсы жерде өткөнүн эч ким талкуулаган да жок. Ким чакырылганы, ким ким менен сүйлөшүп жатканы эң көп сөз болууда. Тойго келгендер, буга чейин бири-бирин жек көргөн, ММКлар аркылуу жана бетме-бет дагы бири-бирин сындап келген саясый оппоненттердин бир залда чогуу болушу коомчулукта “буларда принцип жок экен” деген ойлорду жаратты. 

Ал тойго Үсөн Сыдыков баш болгон өлкөдөгү белгилүү аксакалдардан тартып, Өмүрбек Текебаев, Өмүрбек Бабанов, Адахан Мадумаров, депутаттар Чыныбай Турсунбеков, Зарылбек Рысалиев, Искендер Гаипкулов, Бахадыр Сулейманов, вице-спикерлер Мирлан Бакиров жана Аида Касымалиева, вице-премьер Алтынай Өмүрбекова, Өмүрбек Суваналиев, Ахматбек Келдибеков, Райым Матраимов ж.б. (тизмени улай берсек болот) сыяктуу саясатчылар, экс-аткаминерлер, бизнесмендер жана дипломаттар конок катары чакырылган. Арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева менен уулу Кадыр Атамбаев көпчүлүктүн көңүлүн бурган. Негизинен, саясатчылар басымдуулук кылгандыктан, бул үйлөнүү үлпөтүн саясатташкан той катары сыпаттагандар болду.  

Ал эми Текебаев, Бабанов болуп, Атамбаевдин кичүү уулу Кадыр Атамбаев менен тойдо түшкөн сүрөт чуулгандуу сүрөткө айланып кетти. Үч күндөн бери талкуулап бүтпөй жатабыз. Тескери пикирлер да, оңу да бар. Таңгалычтуусу – ушул сүрөттөн саясат издегендери. Айрымдар сындагандай анда эч нерсе, саясат да жок экенин аңдасак болчудай. “Бала үчүн ата жооп берет, ата үчүн бала жооп бербейт” деген бабалардан калган сөз бар. Сүрөткө түшүү суранычы менен келип турган жаш баланын шагын сындыруу адамдыкка да жатмак эмес. Муну Текебаев өзү да түшүндүрүп, ал сүрөттүн таржымалы тууралуу кеңири маек берип, айтып берди. 

Кадыр Атамбаевдин суранычын мен да, Бабанов да четке кагып коё алган жокпуз. Бул төмөн түшкөндүк болмок. Балдарыма, өсүп келе жаткан муунга кандай үлгү болмокмун? Ар бир бала өзүнүн атасын коргогонго толук укугу бар. Мен анын абалын жакшы түшүнүп турам. Анткени, жакында эле менин балдарымдын да абалы ошондой эле... Кадырга бир нерсе дешим керек болчу. Себеби, ал мени сындап, кийин катасын мойнуна алганын билем. Ал менин алдымда өзүн ыңгайсыз сезип жатканын көрдүм. Ошондуктан, мен ага ката кылуудан коркпошу керектигин, башкысы өз убагында аны оңдой билүү керектигин айттым. Мунун баары ашып кетсе эки мүнөт ичинде болду. Бир заматта айланабызда бир нече камера, уюлдук телефондор пайда болду. Бабанов экөөбүз тең мындай сүрөт биз үчүн жакшы болбосун, каршылаштарыбыз сүрөттү өз кызыкчылыгына колдонорун билип турдук. Бирок, Атамбевдин баласынын суранычын четке кага албадык. Ал кандай максатты көздөбөсүн, баш тарта алган жокпуз. Бабанов экөөбүз туура кылдык деп ойлойм. Башкача мамиле жасасак, анда биз өзүбүзгө болгон сыйды жоготуп алат элек” деди Текебаев.

Ал эми саясатчыларга келсек, саясый көз караштар бул башка, ал эми адамдык мамиле жана салт бул такыр бөлөк нерселер. Кыргызстанда эле эмес, башка өлкөлөрдө деле саясатчылар бири-бирине каршы болуп, парламенттик трибунадан бири-бирин сындап келет. Бул аларга ар кандай коомдук иш-чараларда чогуу болгонго тоскоол болбойт. Бул кадимки эле көрүнүш. Анүстүнө той ээси кимди чакырат, кимди чакырбайт, өзү чечет. Ким да болсо катышы, мамилеси барларды чакырат. Андыктан, айрымдар айтып-жазып жаткан эки жүздүүлүктү бул тойго келгендерден көрүүгө болбойт. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер