Ибрагим Жунусов, экс-элчи: “Соттор акыйкаттан алыстап, элдин нааразычылыгы күчөп кетти”

-- Ибрагим мырза, коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда кымбатчылык тамыр жайып баратат. Күйүүчү майга, азык-түлүккө ж.б. Кандайдыр бир чара көрүүгө мүмкүнбү?
-- Бир эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинде эле эмес, баардык жерде баалар өсүүдө. Күйүүчү майга эле эмес, газга болгон баа дагы көтөрүлдү. 1-октябрдан тарта Өзбекстанда газ да кымбаттады. “Газпромдун” жардамы менен буга чейин күйүүчү майды, газды да арзаныраак алсак, эми дагы өсө берет. Анткени, бааны Кыргызстан калчай албайт. Башкаларга көз каранды болгонубуз үчүн арзандатуу колубуздан келбейт. Азык-түлүктү антимонополия көзөмөлдөсө болот, башкасына тиши өтпөйт.
-- Соңку убакта сотторго карата нааразычылык күчөп баратат. Төрага Замирбек Базарбеков иштей албай жатабы?
-- Сотторго карата нааразычылык буга чейин деле болуп келген. Аларга карата ишенимди өзгөртүш үчүн төраганы алмаштыргандан маселе чечилбейт. Соттордун адилет чечим чыгарышын кааласак, адегенде мээсин өзгөртүп, жашоого, адамдын тагдырына болгон көз карашын оңдошубуз керек. Маселен, соту болуп жаткан адамдарга барып, эки тарабын тең уксаң эле соттор эмне каалап жатканын, чечимин канчага баалаганын, кимдер ортомчу болгонунан бери камалып жатканы да, каматайын дегени да айтып берет... Агамды өлтүрүп кетишкенде мен соттордон түңүлгөм. Каратып туруп, каалагандай чечим чыгарып коюшканын өз көзүм менен көргөм. Ошондон кийин сотторго болгон ишенимим жоголгон. Мүмкүн ишин сүйгөн, чечимин акча менен өлчөбөгөн жакшы соттор да бардыр, бирок көпчүлүгү акыйкаттуулуктан алыстап кетишкен. Ошон үчүн элдин нааразычылыгы күч. Сот системасын оңдош үчүн көзөмөлдү күчөтүп, чечимин акчага баалагандардын бетин ачып, таза иштөөгө аргасыз кылсак, алар да оңолушат.
"Азия Ньюс" гезити