Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Жылына 10 миңден ашуун үй-бүлө ажырашып, 40 миңдейи алименттен качышат
Жылына 10 миңден ашуун үй-бүлө ажырашып, 40 миңдейи алименттен качышат
06-февраль, 10:34
324 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Жогорку Кеңештеги аял депутаттардын форуму жыл сайын 10 миңден ашуун үй-бүлө ажырашып жатканына жана ортодо калган балдардын келечегине тынчсызданышып, алименттер жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунушташты.
Депутат Айсулуу Мамашованын айтымында, бул ирет алименттин өлчөмүн жогорулатуу жагы көтөрүлдү. Башкысы, балдардын кызыкчылыгын коргоо приоритети турат. Маалыматтар боюнча, алимент төлөөдөн качкан 40 миңден ашуун адам бар. Анын 92%ы эркектер болсо, 8%ы аялдар. 1990-жылы кабыл алынган алименттер тууралуу мыйзамга бир дагы өзгөртүү киргизиле элек.
"Азия Ньюс" гезити