Индияда 28 жаштагы кыргыз кызы бир жашар уулу менен бычакталып каза болду
21-сентябрда эртең менен Индиянын Нью-Дели шаарынын түштүк-чыгышындагы Какаджи районундагы үйлөрдүн биринен 28 жаштагы Мыскал Жумабаева аттуу кыргыз кыз менен анын бир жаштагы уулунун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Полициянын маалыматы боюнча, 28 жаштагы Мыскал Жумабаеванын беш айлык боюнда бар экени белгилүү болгон. Аны менен уулунун сөөгү бычакталган абалда досунун батиринен табылган. Бул кылмыш “Киши өлтүрүү” фактысы менен катталып, бирок полиция азырынча эч кимди кармай элек. Тергөө иштери жүрүп жатканы маалымдалды.
Полиция кызматкерлеринин айтымында, 21-сентябрда Мыскал Жумабаева күйөөсү Винай Чаухан менен урушуп кеткен. Андан кийин ал досу, Өзбекстандын жараны Матлюба Мадусмоноваменен жолугуу үчүн үйүнөн чыгып, Мадусмонованын үйүнө барган. Эртең менен гана алардын сөөгү табылган.
Учурда полиция шектүүлөрдү суракка алып, далилдерди чогултуу үчүн видеокөзөмөл камераларын да карап жатканы белгилүү болду.