Акыркы кабарлар
» Кылмыш » ИИМ: Курсан Асанов башкалар менен сүйлөшүп, бийликти басып алууга аракеттенгенби?
ИИМ: Курсан Асанов башкалар менен сүйлөшүп, бийликти басып алууга аракеттенгенби?
15-сентябрь, 12:29
3 145 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌ИИМдин тергөө комитети Жазык кодексинин 309-беренеси боюнча (“Бийликти күч менен басып алуу”) сотко чейинки өндүрүштү баштаган.
ИИМдин мурдагы жетекчиси Курсан Асанов башкалар менен көмүскө сүйлөшүп, бийликти басып алууга аракет кылды деп шектелип жатат. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
“Сотко чейинки өндүрүштүн тергөө иштеринин алкагында ИИМдин мурдагы жетекчиси Курсан Асанов башкалар менен сүйлөшүп, Башмыйзамды бузуп, бийликти күч менен басып алганга активдүү аракет кылып, даярдык көргөнү аныкталды” деп айтылат маалыматта.