Өзбекстан газ берүүнү токтоторун билдирди, Ошто чектөө киргизилет
"Газпром Кыргызстан" ишканасы өлкөнүн түштүк аймагында бир нече күндөн бери газ берүүнүн көлөмү азайганы боюнча маалымат берди. Расмий маалыматка караганда, абанын температурасы кескин төмөндөп жана керектөө өсүп жатканына байланыштуу Өзбекстан газ экспорттоону токтотуу планын билдирген.
"Күз-кыш мезгилинде керектөөнүн көбөйүшүнө байланыштуу бул көйгөй жыл сайын кайталанып келет. Өзбекстандын өзүндө ресурстук базасынын азайышына байланыштуу техникалык себептерден улам түштүк тарапка газды экспортоо төмөндөйт. Маалыматтарга караганда, катуу суукта Өзбекстандын ички керектөөсүн камсыздоодо кыйынчылыктар жаралып, бул жылытуу мезгилинде ар кандай чектөөлөргө алып келет. Коңшу өлкөнүн бийлиги жаратылыш газын экспорттоону токтотуу планын расмий түрдө билдирген" деп жазылат маалыматта.
Мындан улам, авариялык кырдаал жаралбаш үчүн көп күч келген маалда Ош шаарындагы жеке секторлорго (бюджеттик мекемелер, көп кабаттуу турак үйлөр) газ берүүдө чектөө киргизилет.