Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эптеп жансактаган эл, үйүнө батпай буулуккан жаштар

Эптеп жансактаган эл, үйүнө батпай буулуккан жаштар

09-январь, 21:23
1 265 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жумушсуздук – өлкөбүздүн эң башкы көйгөйү. Эптеп эле жансактаган эл. Үйүнө батпай, жумуш таппай буулуккан жаштар. Айтор, туңгуюкта калгандайбыз. Улуттук статистика комитети COVID-19 пандемиясынын шартында элдин жашоо турмушуна изилдөө жүргүзгөн. Мекеменин 2020-жылдын 15-октябрынан 15-ноябрына чейин эл арасында жүргүзгөн сурамжылоосуна ылайык, ар бир үй-бүлөнүн эч болбогондо бир мүчөсү жумушунан айрылган. Көбү чет өлкөдө иштеп жүрүп жумушсуз калгандыктан, өлкөгө кайтып келүүгө аргасыз болгонун белгилеген. 

Миграция жана Кыргызстан

Миграция боюнча адис Улан Шамшиев мекенине кайткан мигранттардын саны эксперттик талдоолор боюнча 100 миңден ашык болушу мүмкүн экенин “Азаттыкка” белгилеген:

«Россия учурда жумушчу күчкө муктаж болуп жатат. Ага карабастан учурда кыргызстандыктар кайра ал жакка бара албай жатат. Анткени авиабилеттер кымбат, туруктуу авиакаттамдар жок. Бул орчундуу маселе. Кыргызстандын 2,5 миллионго чукул жумушка жарамдуу жараны бар. Анын 40%га жакыны миграциядан жан багат. Бирок жаз айлары менен экономикалык шарттардан улам миграция кайрадан күч алышына өбөлгө түзүлөт. Бул жалаң эле Кыргызстанда болуп жаткан жок, дүйнөлүк тенденция ушундай болуп турат». 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер