“Бийликке убактылуу конок болуп келгендер чочоңдошуп, ички тартипти өзгөртө бербеши шарт”

-- Жеке менчикти коргоо коомчулукта талкууларды жаратууда. Өкмөт элдин үнүн угуп, кандай шарттарды түзүп бериши керек?
Ташболот Балтабаев, экс-депутат:
-- Бийликтеги адамдар, өкмөт – салыштырып айтканда, үйгө келген конок. Коноктор келет, кетет. Мамлекет – бул үй. Үйдө кандай тартип болсо, мамлекетте ошондой тартип болушу керек. Айтайын дегеним, айрым маселелер коноктордун амирине байланыштуу болбошу керек. Эл да “мамлекетте мындай мыйзам, тартип бар” деп, ошого көнүшү керек. Себеби, эл мамлекеттеги мыйзамдарга карап туруп келечегин аныктайт.
Силер суроо берип жаткан жеке менчик дагы мамлекеттеги мыйзамга жараша курулат. Маселен, үй саласыңбы, же бизнес объект курасыңбы, мамлекеттеги тартипке, мыйзамга жараша салынат. Убактысынча конок болуп келген адамдар чочоңдошуп, ички тартипти өзгөртө бербеши шарт. Үйдөгү тартип түбөлүктүү болсо, баары баш ийип, эрежелер так сакталат. Дээрлик традиция жок болсо, бийликке келгендер эски мыйзамды өзгөртүп, өздөрүнө ыңгайлаштырылган мыйзамдарды жаздыра беришет. Бул туура эмес. “Жолду кеңейтебиз, өзгөртөбүз, жеке менчигиңди уруп ойнобойм” деп жаңы эреже, тартиптерди киргизип жатканы орунсуз. Жаңы келген бийлик, андагы чиновниктер элдин тагдырына байланыштуу маселеде эски мыйзамдарды сактап, сыйлашы керек. Ошондо гана бизде өнүгүү, элде бийликке болгон ишеним болот. Тагыраагы, келечекке эсептелинген алдыдагы иштерге карай эл коркпой инвестиция салат.
Өсүп-өнүгүүнүн бирден бир бөлүгү мыйзамдагы, мамлекеттеги башкаруудагы туруктуулук. Бири келип, экинчисинин алган багытын өзгөртүп, өзү каалаган жакка бура берсе, эл чайналып, жабыркай берет.
Нарынбек Молдобаев, экс-депутат:
-- Жеке менчикти коргоо өкмөттүн иши болушу керек. Жеке менчик коргошу абзел. Конституцияда “ар бир адам өзүнүн менчигине ээ” деп бакыйып жазылып турат. Бул ыйык нерсе, ошондуктан ага кылдаттык менен мамиле кылуу зарыл. Негизи баардык нерсе генпланга ылайыкталып жасалып, аны өзгөртпөш керек. Айтайын дегеним, шаар эмес калктуу конуштардын дагы генпланы болот. Деталдуу курулуш планы деген бар, орусча ПДП деп коёт. 2014-жылы “шаардын деталдуу курулуш планын жасайт элек, шаардын бюджетинде акча жок болуп жатат” дешкенде республикалык бюджеттен 20 миллион сом чечип бергенбиз. ПДП жасалгандан кийин ал ишке ашышы, тагыраагы, аны колдонуш керек. Эл айтып жатпайбы, “генпланды көргөн эмеспиз, кызыл сызык кайда экенин билген эмеспиз” деп. Чынында кызыккан кишинин баары эле шаардын генпланын көрө алышат.
Айрымдар аллеяга чейин үй салып алышкан. Анын баары азыр чырылдап, “үйүм бузулуп жатат” деп жүрүшөт. Мындай маселенин баарын ошол кездеги чиновниктер өз учурунда жол беришкен да. Анткени, ким чиновник болбосун өзүнүн атынан эмес, өкмөттүн атынан буйрук же чечим берет да. Ошондой ишке жол берген чиновниктердин ишин “срок давности” кылбай, жоопко тартыш керек. Себеби, ал жерлерди учурунда бир чиновник мыйзамды бузуп туруп берген да. Ошон үчүн чийинден чыккан үйлөр салынган. Учурунда “ана-мына бузат” дегенде, жең ичинен сүйлөшүп алып, бузбай калгандар да болгон. Кыскасы, шаарда өрт коопсуздугун эске албай, эрежелерди так сактабай курулган үйлөр абдан көп.
Жакындан бери Манас проспектисин кеңейтип, чоң трасса кылып жасоо аракети башталды. Ал дагы зарылчылыктан келип жатат. Анткени, бизден чоң шаарларда тыгын деген жок. Себеби, алар илгери эле генпланын жакшы чийишкен. Үйлөрдүн ортосун ачык калтырып, жолдору кенен да. Бизде үйлөр жакын түшүп, жолдор тар болгон үчүн Бишкекте өмүрүң тыгында эле өтөт. Эртең менен жумушка жеткенче бир саат, кечинде келгенче бир жарым саат убактың жолдо эле калат. Мына ушул маселени эч нерсеге карабай чечишсе, жакшы болот эле. 1996-жылы Кашкарда үйдүн ээлерине компенсация берип, үйлөрдү трактор менен түрттүрүп, шаарды бүгүнкү күндүн талабына ылайык кылып курушкан. Ошондой кылышса не? Бирок, элдин дагы укугун, талабын эске алуу керек. Шаар дагы өсүп, жарандардын укугу да тебелебегендей кылышса, баары эле ыраазы болот. Биздин шаар өйдөгө өсүшү керек эле, тилекке каршы, шаардын сыртын ылайдан, сокмодон курулган үйлөр курчап калды. Учурунда ошого жол бербей, көп кабаттуу үйлөрдү салсак сонун болмок. Улан-Батордо шаардын жарымы чоң үйлөр, жарымы боз үй болуп калган. Биз дагы андай нерсеге жол бербей, баардык маселени масштабдуу, мамлекеттин көзү менен караганыбыз оң. Тагыраагы, балансты сактап, жеке менчиктердин да укугун тебелебей, маселени туура чечип, ошол эле учурда “бирөөлөрдүн укугу бузулат” деп шаардын көркүн бузуп койбошубуз керек.
Айнура Мырзабекова
"Азия Ньюс" гезити