Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Биримдик» №1 Баткенде: “Чек ара маселесин чечип, миграциянын агымын токтотобуз”

«Биримдик» №1 Баткенде: “Чек ара маселесин чечип, миграциянын агымын токтотобуз”

18-сентябрь, 13:55
1 139 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Парламенттик шайлоонун алкагындагы партиялардын үгүт иштери уланууда. Бүгүн, 18-сентябрда «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясы Баткен шаарынын эли менен жолугушуу ѳткѳрдү. 

Партиянын тѳрага орун басары Тѳрѳбай Зулпукаров «Биримдиктин» жаралыш тарыхына токтолуп, элдин кызыкчылыгын баарынан жогору койгон партия экенине токтолду. Кээ бир партиялардай бир лидердин атына байлангандан айырмаланып, бир лидердин үстѳмдүгүндѳ калбаган, ѳзүнүн идеологиясы бар экенин айтты. Ал элдин нарк насилин, улуттук баалулуктарды, ыйманын, дилин сактоону кѳздѳгѳн идеология. Ошондой эле Т.Зулпукаров Баткендин кулуну, талапкер Улукбек Кочкоровдун социалдык ѳнүктүрүү министри катары реформалык чоң иштерди кылып, жарандарды социалдык жактан коргоо багытында зор ийгиликтерге жетишкенине токтолуп, анын келечекте Баткенге, кыргыз элине Исхак Разаковдой кызмат кыларын билдирди. «Биримдиктин» программасы реалдуулугу, ишке ашырыла тургандыгы менен айырмаланган, элдин жашоосун жакшыртууну кѳздѳгѳн программа экенин айтып, эл ишеним артса, программада белгиленгендердин баары жүзѳгѳ ашарына ишендирип ѳттү. 

ЖКнын вице-спикери, талапкер Аида Касымалиева Баткендеги эң кѳйгѳйлүү делген чек ара маселесин чечүү, облустагы жаштарды жумуштар менен камсыз кылып, ички миграциянын агымын токтотуу зарылдыгын айтты. Партиянын идеологиясына токтолуп, социалдык теңчиликти жактай турганын билдирди. Анын белгилѳѳсүндѳ, ѳлкѳдѳ жакырлар менен байлардын ортосундагы ажырым ѳтѳ чоң. Мындай болбошу керек, социалдык теңчилик болмоюнча социалдык адилеттүү ѳлкѳнү куруу мүмкүн эмес. Ал эми социалдык адилеттүүлүккѳ жетишүү — «Биримдик» партиясынын эң башкы максаты. 

Талапкер Улукбек Кочкоров буга чейинки парламенттик шайлоолордо колдоп, ишеним артканы үчүн Баткендин элине ыраазычылыгын билдирип, министр кезиндеги аткарылган иштери боюнча маалымат берди. Анын айтымында, министрликтеги максатсыз жумшалган акчаларды туура багыттоо, коррупциялык схемаларды жоюу аркылуу жѳлѳк пул алчулардын катарына 100 миңдей аз камсыз болгон үй-бүлѳлѳр кошулган. Оңго, солго кеткен миллиарддаган сомдордун эсебинен майып балдарын карашкан энелерге пенсия чектѳѳгѳ мүмкүн болду. Эми алардын балдарын баккан жылдары эмгек стажы катары эсептелип, келечекте пенсия ала башташат. 

Партиянын дагы бир талапкери Мамыржан Рахимов ѳз сѳзүндѳ биримдикчилердин колдоосу менен Баткенде миң жумуш орундуу текстиль фабрикасы, 250 жумуш орундуу ѳрүктү кайра иштетүүчү ишкана курулуп жатканы боюнча маалымат берди. «Биримдик» партиясы парламентке барса, буга окшогон кѳптѳгѳн долбоорлор ишке ашырыларын айтып, добуш берүүгѳ чакырды. 

Талапкер Эркин Рахманов шайлоодо «Биримдикке» добуш берүүгѳ чакырып, бул партияга ишеним артуу менен Баткендин эли ѳлкѳнүн ѳсүп, ѳнүгүүсүнѳ ѳз салымдарын кошо турганын баса белгилеп ѳттү. Баткен шаарынын кадырлуу аксакалы Туйгун Жолдошев биримдикчилерге шайлоодо ийгилик, ак жол, жеңиш каалап, ѳзүнүн ак батасын ыроолоду. 


«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер