Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алиярбек Абжалиевден 100 миллион сом “кустурса” да аздык кылат

Алиярбек Абжалиевден 100 миллион сом “кустурса” да аздык кылат

02-июль, 18:03
3 400 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сооронбай Жээнбековдун кудасы Алиярбек Абжалиев былтыркы төңкөрүштөн кийин чет өлкөгө качып кеткен. Арты таза эмес экенин алдыртан билген да. Бир топ убакыт сыртта жашынып жүрүп, аз күн мурда Кыргызстанга кайтып келип, УКМКга 20 миллион сом төгүп бергени кабарланды. Албетте, оозду куу чөп менен аарчыгандай болуп, бул сумма менен “сүт эмизип” койгондой сезилди. Себеби, ал өмүр бою бажы тармагында иштеп, жетекчилик орундарга чейин жетип, кыйла байыган... 

2015-жылы Алиярбек Абжалиев жетиштүү добуш албаса да “Республика – Ата Журттан” мандат алып, партия жетекчилиги менен чырдашып да жүргөн жайы бар. Бийликке кошомат кылууну өздөштүргөн эргул миң түрлүү амалданып, агездеги премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун кызын уулуна алып берип, кан куда катары керсейип калганы эсибизди. Дал ошол күндөрдөн тарта Алиярбек Абжалиев күмөндүү бизнес долбоорлорду баштап, миллиондорду жасоонун амалына өткөн. Ал тез арада жер аянттарына, кандайдыр бир объекттерге ээ боло баштаганы ачык айталбаса да, көмүскөдө “калбыры” угула баштаган эле. Кийин Соке президент болгону кудасы Абжалиев ири бизнес долбоорлорун айландырып калганы жашыруун эмес болчу. Кыскасы, кыйла ирденип, мамлекеттин эсебинен байып кеткенин кантебиз? 

Карапайым калкыбыз үчүн Кудайдын көзү түз экен, былтыр октябрда бийлик алмашып кетип, Сооронбай Жээнбековдун тууган-туушкандарынын, жакындарынын бети ачыла берди. Алардын арасынан кудасы оркоюп көрүнүп, көп өтпөй качып кеткен. Сыртта бир канча ай “куйрук түйүп” жүрүп, акыры келди. Жең ичинен соодалашканы байкалып турат. 20 миллион сом менен көз жазгырып, калган дүнүйө-мүлкүн сактап калса, карап отура беребизби? Жо-ок, Алиярбек Абжалиевден 100 миллион сом “кустурса” да аздык кылат. Бул шектүүгө бийликтин гумандуулук кылганы уят. Эртең эле баары ачыкталат. Же көмүскө мааниде сол чөнтөккө миллиондорду өзүнчө төлөдүбү?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер