Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Хашим Зайналиев, табып: “COVID-19 вирусун дарылоону иштеп чыктым”

Хашим Зайналиев, табып: “COVID-19 вирусун дарылоону иштеп чыктым”

03-август, 17:40
6 176 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

I-бөлүм. Жалпы түшүнүк

Учурда пневмонияга учурагандардын чоң бөлүгү каза болуп калууда. Адамга коронавирус жугуп, ал пайда кылган эң акыркы патология – дем алуу кыйындап отуруп, өлүмгө учурап каларын баары билишет. Мындай оор патологиялык кырдаал бейтапта кантип түзүлүп каларын, аны кантип дарылоону колго алууну протокол түрүндө врачтарга жана коомчулукка жардам катары сунуш кылууну эп көрдүк. Мындай протоколдун иштелип чыгуусуна биздин көп жылдык клиникалык тажрыйбабыз негиз болду. Мен иштеп чыккан дарылоо протоколу өлкө президентине да сунуш кылынды.


II-бөлүм. Органдардагы патологиялар

II.1.0. Тамак көңдөйүндөгү коронавирустун локализациясы. Өзүм ооруганда жана мага келген бейтаптарды сурамжылоо мына ушундай бир көрүнүштү берди. Эгерде бейтапта өнөкөт фарингит, тонзиллит, ангина сыяктуу оорулар болсо же коронавирус жукканына маани бербей, муздак ичимдик же тамак жеген учурда, тамак көңдөйүндө коронавирустун локализациялык түйүнү пайда болорун көрсөттү. Вирус ушул локализациялык борбордон организмге тарап, ар бир органда патологияларды пайда кыларынан шектенсе болот.

II.1.1. Клиникалык белгилери. Тилдин даам билбей калуусу, мурундун жыт билбей калуусу, таңдайдын кургап калуусу, тамактын жутканда ооруп туруусу, кеңири дем алганда тамактын буулуп калуусу, какырганда сары түстөгү түкүрүк чыгуусу ж.б.

II.1.2. Патологиялык көрүнүш. Коронавирус тамак көңдөйүндө жайгашкан нервдик рецепторлорду тормоздоого жетишип, органдардын кан менен жабдылышын начарлатат. Ошондуктан жыт, даам сезүүнүн жоголушу мезгил-мезгили менен тамактын муздап туруусуна алып келет. Тамактын кан менен жабдылышынын төмөндөп кетүүсү анын эпителийиндеги иммундук системанын начарлоосуна алып келип, тамак ооруларынын күчөп кетүүсүн чакырат. Тамак көңдөйүндө жайгашкан коронавирус кан, айрыкча лимфатикалык тамырлар аркылуу организмге таркай башташы организмде температуранын көтөрүлүүсүнө алып келет. Ошондуктан организмдеги тезинен көтөрүлүп жаткан температураны төмөндөтүү жана тамактын локализациялык борбордогу вирусту жоготуу зарылдыгы келип чыгат.

II.1.3. Терапиялык дарылоо. Бейтаптын алгачкы мезгилинде дене табын түшүрүү үчүн эгерде температура 38,7 градустан жогору болсо, анда ички венага 200 гр. глюкозанын же физраствордун эритмесине глюконат кальций 1 ампула, 1 ампула витамин В12 (цианобакламин), кан басымы 100/60 же андан төмөн болсо, 3 ампула дексаметазон, эгерде кан басымы андан жогору болсо 2 ампула дексаметазон, эгерде кан басымы 160/120 болсо дексаметазон сунуш кылынбайт, 1 ампула димедрол кошулуп берилет. Бул ички венага куюла турган эритме күнүгө бир жолудан үч күнгө белгиленет. Эгерде бейтаптын температурасы 38,7 же андан төмөн болсо, кан басымы 140/100 жогору болбосо, анда дексаметазон 1 ампула, витамин С 2 ампула, дексаметазондон 2 ампуланы 200 гр. физрастворго кошуп, ички венадан суткасына бир жолудан берилет. Капельница берилип бүтөрү менен жамбаштын булчуң эти аркылуу литический укол (1 ампула анальгин, 1 ампула димедрол, 1 ампула новокаин) берилет. Дарылоо мезгили 3 күнгө белгиленет. Эгерде температура 37,4 же андан төмөн болсо, анда эң жакшысы – парацетамол 1 же 2 таблетка ичүү сунушталат. Тамак көңдөйүндө жайгашкан коронавирустун локализациялык түйүнүн дарылоо үчүн авран дары чөбүнүн тундурмасы жетиштүү болот. Авран чөбүнүн тундурмасын 1 чай кашык ичип, аны мүмкүн болушунча ооздо 5 мүнөткө чейин кармап, андан кийин жутууга болот. Мындай ичүү ар бир 2,5 саатта аткарылып турат. Эгерде дарыны ичкен күндөн баштап эсептегенде 5-7-күндөрү боор тараптан оору билинсе, анда болгону оозду чайкап, сыртка түкүрүп коюу керек. Бул чөптүк тундурма коронавирусту өлтүрө турган, аны организмден жогото ала турган касиетке ээ. Бул дары чөп менен бейтаптарды биздин клиника камсыз кылууну мойнуна алат. Ал эми коронавирустун кесепетинен шарттуу нормалдуу микрофлоранын патогендик таасирге өтүүсүнөн улам курчуган тамак ооруусуна антибиотиктер сунуш кылынат. Антибиотиктерди пайдалануудан мурда мүмкүнчүлүк болсо, тамактан зоб жана соскоб тапшырып, анын жыйынтыгында антибиотиктер чувствительность жана резистентность боюнча карап, антибиотиктердин дарылоо курсун врач белгилегени бейтап үчүн пайдалуу жана өмүрүнө коркунуч болбойт. Тапшырылган анализдердин жыйынтыгы чыкканга чейин коронавирустун кесепетинен күчөгөн өнөкөт ооруулар: фарингит, ангина, тонзиллит ж.б. үчүн төмөнкү дарылоо процедурасын жүргүзө турууну сунуш кылабыз. Ачкарын 70% медициналык спиртти 1 чай кашыктан тамакты 1 жолу чайкап жиберүүнү сунуш кылабыз. Андан кийин 2-3 таблетка мукалтинди кайнатылган сууда эритип, аны менен 5-6 жолу тамакты чайкап, андан 5 мүнөт өткөндөн кийин хлорофиллипттин майында колун самындап жууп, дезинфекциялык каражаттар менен тазалап, андан кийин сөөмөй менен тамакты 5-6 жолу сыйпалап, андан дагы 5 мүнөт өткөндөн кийин балык майы менен 5-6 жолу сыйпалап дарылоону сунуш кылабыз.

II.1.4. Гигиеналык талаптар. Эң оболу бейтап муздак ичимдиктерди ичүүдөн, түздөн-түз муздаткычтан алып тамак-аш ичкенден алыс болуусу зарыл. Ошондой эле калемпирди тамак-ашка колдонууну токтотсун. Денесине физикалык күч келтиргенден оолак болуусу шарт. Бейтап үчүн эң пайдалуу нерсе – өзүн-өзү изоляция кылып, постелдик режим менен жашоо.


II.2. Коронавирустун боордо жана көк боордо пайда болгон патологиясы

II.2.1. Клиникалык белгилери. Ичегилердин куркурап үн чыгып туруусу, ичтин тез-тез өтүшү, алсыроо, ооз-тамак көңдөйүнүн кургап туруусу, баш оору, көздүн көрүүсүнүн начарлап кетүүсү, эске тутуунун төмөн болуп калуусу. Убак-убагы менен муздак кара тердин чыгып туруусу.

II.2.2. Патологиялык көрүнүштөрү. Коронавирустун боордо пайда кыла турган патологиясы бейтаптын организминдеги иммундук системаны басып, аны бүлгүнгө учуратуунун кесепетинен келип чыгат. Мында эң оболу Т-лимфоциттердин, Б-лимфоциттердин жабыркоосу күчөйт. Иммундук системанын бул бөлүгү бейтаптын тимусу менен көк боорунда калыбына келип, калыптануусун коронавирус үзгүлтүккө учуратат. Аталган иммундук системанын клеткаларынын калыптануусунун азайып кетүүсү, боордо жайгашкан өнөкөт гепатит IgGAнын жанданып, анын кескин көбөйүүсүнө алып барат. Себеби, гепатиттин вирусун көзөмөлдөп турган IgG-антителонун калыптанып туруусу Т-лимфоциттердин жана В-лимфоциттердин эсебинен болуп турган. Кескин түрдө көбөйүп жаткан өнөкөт гепатит А боордун көптөгөн функцияларын төмөндөтөт жана үзгүлтүккө учуратат. Алардын ичинен боордо кандын фильтрациясын, кандын утилизациясын жөнгө салып туруучу ферменттердин бөлүнүп чыгуусун азайтуу менен кандын коюуланып кетүүсүнө алып барат. Өттүн жана боордун зилдеринин курамынын өзгөрүүсүнө алып барып, анын натыйжасында ичтин тез-тез өтүүсү пайда болот. Гепатиттик вирустун кандын коюулануусуна алып баруусу, кандын курамынын өзгөрүүсү менен коштолгон патологияда кан плазмасынын белоктор менен толукталуусу да үзгүлтүккө учурайт. Анын кесепетинен бөйрөктө кандын реабсорбциясы жана бөйрөктөгү щелочтук-кислоталык баланс бузулуп, сийдик менен кошо эритроциттердин, лейкоциттердин, белоктун жана организмге керектүү болгон микроэлементтердин чыгып кетүүсүнө алып барат.

II.2.3. Терапиялык дарылоо. Дарылоонун эң негизги маселеси коронавирустун кесепетинен өз функциясын аткаруусун жоготуп бараткан боорду калыбына келтирүү болуп саналат. Ал үчүн боордогу активдүү абалга келген гепатиттик А-ны блокадага алууну ишке ашыруу зарыл. Ал үчүн биздин клиникада антивирустук дары жасалат. Агрегаттык абалы суюк келген ушул дарыны күнүгө 1 чай кашыктан 3-4 жолу ичүү зарыл. Мындан сырткары, коронавирус боордун, көк боордун функцияларын азайтып жиберет. Ошондуктан аталган эки органдын кызматтарын калыбына келтирүү зарылчылыгы келип чыгат. Ал үчүн менин клиникамда боордун иштөөсүн жакшыртуучу дары бар (БКД деп атап коёбуз), ошол дарыдан ар бир 3 саатта жарым чыныдан ичүү сунуш кылынат. Андан кийин цикорийдин кайнатмасын үйүңөрдө жасап ичсеңер болот. Аны жасоо оңой эл: 1 л. кайнап жаткан сууга цикорийдин сабактарын бычактап кесип, алакандай өлчөмдө таштап, 20-30 мүнөт кайнатса даяр кайнатма алынат. Боорду иштете турган дагы бир дары "кара халила". Аны да цикорийди даядагандай кылып даярдап алсаңар болот. Жасап алган эки кайнатманы жарым чыныдан ар бир 3 саатта ичкиле. Дагы кошумча суутек кычкылынын (перекись водорода) 4-6 тамчыны кайнатылып, муздатылган 1 стакан сууга кошуп, жарым чыныдан үч маал ичкиле. Андан башка да кант диабети бар болсо, кара талдын кабыгын сууда кайнатса, кызыл түстөгү кайнатма алынат. Андан чыныдан 3-4 маал ичкиле.

Жогоруда аталган дарыларды ичүү – боордун функцияларын калыбына келтирүү менен кошо кандын курамын жөнгө салып, анын коюуланып кетүүсүн токтотот.

II.2.4. Терапиялык эффект берүүсүнө далил. Жогорудагы айтылган рецепт боюнча ичүүнү баштагандан 7 саат өткөндөн кийин ашказандын зарна болуусу азайып, ичегилердин куркурап үн чыгаруусу басаңдай баштайт. Бир сутка ичинде ичтин өтүүсү токтойт. Ичкен күндөн баштап эсептегенде (эгерде бейтаптын бөйрөгү пиелонефрит, гломерулонефрит менен оорубаса), анда 4 суткага жеткенде сийдиктен эритроциттин, лейкоциттин, белоктун чыгуусу токтойт. Сийдик кадимки түстө чыгып калат.

II.2.5. Гигиеналык талаптар. Эң оболу бейтап тамак-аштан диета сактоого милдетүү. Эң негизгиси, жаныбарлардын майынын тамак-ашка кошулуп калуусунан сак болуусу зарыл. Ошондой эле муздак ичимдиктерди ичкенден, муздаткычта сакталган тамак-ашты жегенден, калемпирди тамак-ашка колдонуудан өзүн тартсын. Денесине физикалык күч келтиргенден оолак болуусу шарт. Бейтап үчүн эң пайдалуу нерсе – өзүн-өзү изоляцияга алып, постелдик режим менен жашоо.


II.3.1. Дем алуу жолундагы жана өпкөдөгү патологиялык көрүнүштөр. Биз менен силердин (врачтардын) ортосунда конфликтке алып келе турган ушул маселе. Урматтуу врачтар! COVID-19 вирусун жугузган бейтаптардын баары эле өпкөдөгү пневмониттен, лимфатикалык застойдон же суу толуп кеткенден каза боло бербейт. Айрымдары COVID-19 вирусу ушул дем алуу жолундагы органдардын эпителийлик катмарын бүлүндүргөндүктөн, лимфатикалык отток азайып отуруп, терминалдык стадияга киргенде застой пайда болуп, лимфатикалык суюктук дем алуу жолдорун бүтөп калат. Лимфатикалык застойдун пайда болуусунан баштап бейтапты реанимациялык шартка которуу зарылдыгы келип чыгат. Дем алуу жолдорунун эпителийинде жашаган патогендик жана нормалдуу микрофлора COVID-19 вирусу эпителийлик клеткаларды бүлүндүргөндөн кийин локалдык иммунитет парализация болот, кан аркылуу келе турган иммундук клеткалар, майда капиллярлар жана клетка аралык суюктуктар бүлгүнгө учурагандыктан, иммунитеттин эпителийлик коргонуусу жокко чыгат. Мындай шартты күтүп жүргөн эпителийдеги нормалдуу жана патогендик микрофлора – баары тең инфекциялык патогендик аракетке түшөт. Бул учурда эпителийдин ички тарабында жайгашкан бириктиргич ткандар, андан кийин сероздук катмарда жайгашкан булчун миофибриллдер менен кошо лимфатикалык тамырлар жапа чегет. COVID-19 вирусунан тышкары, жогоруда аталган инфекциялардын айрымдары лимфатикалык узелдерде кармалып, аны чоңойтуп отуруп, шишитип жиберсе, дагы бир бөлүгү миофибриллдердин эң негизги бөлүгүн түзгөн коллагендик белокторду структуралык жактан бузат. Айтылган патологияларды бейтаптын эпителийлик өпкө исиркектеринде (альвеолдорунда) шарттуу түрдө нормалдуу флора катары жашап келген пневмококк, диплококк, стрептококк ж.б. микроорганизмдер патогендик таасир этүүгө өтүп, өпкө исиркектерин  жабыркатат. Андан тышкары, 2-фактор катары коронавирус иммундук системанын активдүүлүгүн түшүргөндүктөн, эң оболу макрофагдарды бүлгүнгө учуратып, Т-лимфоциттерди жана Б-лимфоциттерди парализация кылууга жетишет. Иммундук системанын мына ушундай абалга учурап калуусу жогорудагы айтылган инфекциялардын патологиялык активдүүлүгүн көтөрүп жиберет. Анын натыйжасында өпкө альвеолдорундагы сурфактантты бүлүндүрүп жиберүүсун шарттайт. 3-фактор катары организмдеги кандын коюулануусу өпкөнүн исиркектеринин капиллярдык артериолдорунда кандын өтүү жөндөмдүүлүгүн жана анын ылдамдыгын төмөндөтүп, организмге күч келген учурда, анын жарылып кетүүсүнө алып келет. Бир эле мезгилде өпкө исиркектериндеги микроорганизмдердин патогендик таасирге өтүүсүнөн анын бырышып (поражение) калуусу, башка тараптан өпкө исиркектерине келген капиллярдык тамырлардын жарылуусу – тромбоэмболияга учурап калуусу – бейтаптардын өмүрүнүн бүтүүсү менен коштолуп жатат.

II.3.2. Клиникалык белгилер. Сүйлөгөндө, жөтөлгөндө, денени көтөрүп басканда дем кысылуу пайда болуп, бейтап буулуп калат. Өзүн оор сезет, баш оору пайда болуп, эске тутуусу төмөндөп кетет.

II.3.3. Терапиялык дарылоо. Өпкөнүн пневмонитин жана пневмониясын дарылоо жүргүзүү жогоруда айтылган боордогу өнөкөттүк гепатит А-ны блокадага алуудан, боордун кызматтарын калыбына келтирүүдөн түздөн-түз көз каранды. Анын себеби, кандын коюуланып кетүүсүнөн улам өпкөнүн альвеолдорундагы капиллярларынын тромбоэмболияга учурап калуусун четтетип, аны токтотууга жетишет. Бейтаптын кан тамырларын, анын ичинде өпкө капиллярларынын ийкемдүүлүгүн жана бекемдигин камсыз кылуу үчүн күнүгө бир жолудан эртең менен 1 капсула витамин А, кечинде витамин Е 1 капсула, түшкө чейин жана кечинде 1 таблеткадан аскорутин ичүү сунуш кылынат. Андан тышкары, өпкө пневмонитин күчөткөн пневомококк, диплококк, стептококк жана башка патологиялык микроорганизмдер менен күрөшүү үчүн антибиотиктер сунуш кылынат. Антибиотиктерди тандоодо бейтаптын тамактан тапшырган зеви менен соскобдун жыйынтыгы боюнча врач антибиотиктердин дарылоо курсун белгилейт. Эгер бейтаптын анализ тапшыруу мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда 5 күндүк дарылоо курсу жазылат. Азитромицинден 1 капсуладан күнүгө бир жолудан, циплофаксацинден 1 таблеткадан эки маал, эритромицинден же эргоферондон 1 таблекадан эки маал ичүү сунуш кылынат. Дарылоо учурунда дем кысылуу же дем алуунун оордугун жеңилдетүү жана бейтапты жасалма дем алуу аппаратынан (ИВЛ аппаратынан) чыгаруу үчүн альвеолдордун кызматын калыбына келтирүү менен жасалса, бейтап үчүн пайдалуу болот. Ал үчүн төмөнкүдөй дарылоо курсу сунуш кылынат: жамбаштын булчуңунан ийнени тереңирээк киргизүү менен процедура аткарылат. Витамин В4 же химиялык аталышы Холин, сатыкта “Церетон” деген ат менен белгилүү. Дарылоо курсу он күнгө белгиленип, күнүгө 1 ампуладан сайылат. Мына ушул укол менен кошо бейтаптын жаш өзгөчөлүгүнө, айрыкча салмагы 60 кг-дан ашык болсо 1 аш кашыктан 2-3 маал, андан ылдый болсо 1 чай кашыктан 2-3 маал “пальмовое масло” берилет. Бул сунуштун медициналык эффектиси эң оболу өпкө альвеолдорунун кызматын калыбына келтирүү, пневмонияны азайтуу менен өлчөнөт. Бул дарылоону биохимиялык тил менен түшүндүргөндө, өпкө альвеолдорунун газ алмаштыруучу беттери жана альвеол сурфактанты негизинен пальмовое кислотадан куралган. Ичкенде кан аркылуу барып жаткан пальмовой майдын альвеолдун беттерине сиңишине же В4 витамини же изохолин ферментативдик кызмат кылат.

II.3.4. Гигиеналык талаптар. Эң оболу бейтап тамак-аштан диета сактоого милдетүү. Эң негизгиси, жаныбарлардын майынын тамак-ашка кошулуп калуусунан сак болуусу зарыл. Ошондой эле муздак, муздаткычта сакталган тамак-аш жегенден, калемпирди тамак-ашка колдонуудан өзүн тартсын. Денесине физикалык күч келтиргенден оолак болуусу шарт. Бейтап үчүн эң пайдалуу нерсе – өзүн-өзү изоляцияга алып, постелдик режим менен жашоо.


II.4.1. Жүрөктүн патологиялык көрүнүштөрү. COVID-19 вирусунун дагы бир апааты жүрөктүн булчуңдарынын иштөө ыргагын бузушу. Азыр илимде кандай жол менен бузары жөнүндө изилдөөлөр жана алардын жыйынтыгы жок. Биздин жеке түшүнүгүбүздө, анын ичинде жеке өзүм ооруганда, мага келген бейтаптарга байкоо жүргүзгөндө, коронавирус жүрөктө жайгашкан синусно-предсердний узелдеги жүрөктүн миокардиттик клеткаларындагы деполяризация процессине таасир этип, жүрөктүн калган бөлүгүндө жүрө турган деполяризациялык процессти солгундата турганын байкадык. Бул деген жүрөк ритминин өзгөрүүсүнө жеткирип, жүрөк булчуңдарынын жыйрылышын солгундатат дегенди түшүндүрөт. Биз мындан ары трактовкаланган жүрөктөгү патологияларды талкууга ала турган болсок, өтө көп патологияларды учуратабыз. Эң оболу жүрөк ишемиясы келип чыгат. Биздин көп жылдык изилдөөлөрүбүз жана байкоолорубуз көрсөттү, ушул учурда он адамдын орто эсеп менен үчөө жүрөк ишемиясына чалдыккан болуп чыгат. Бул оорууга чалдыккандарды ЭКГ, ЭхоКГ жана суточный мониторинг аркылуу аныктай албайсың. Силер ойлонуп көргүлө: канча адам опурталдуу топко кирип калып жатканын. Андан башка да бир топ бейтаптар бар, али жүрөк коронардык артериясында атеросклероз болгонун биле элек, клапандарында пролапс ж.б. оорууга чалдыгып калганын биле элек. Коронавирус аркылуу жүрөк илдети күчөгөн бейтаптарды бир түрдүү процедура аркылуу дарылоо катачылыкка алып келип, өлүмдүн санын көбөйтөт. Ошондуктан жүрөк ооруларынын түрүнө карата дарылоону сунуш кылабыз.

Эң негизги шарт коронавируска чалдыккан бейтаптарды сөзсүз, жок дегенде ЭКГ жана ЭхоКГ өткөрүү талабы коюлат.


II.4.2. Жүрөктүн ишемиясына чалдыккандар

II.4.2.1. Клиникалык белгилери. Биз жогоруда айтып өттүк, бул ооруга чалдыккандарды ЭхоКГ жана ЭКГ же суточный мониторинг аркылуу аныктоо мүмкүн эмес деп. Ошондуктан бул ооруга чалдыкканын бейтап кантип билдирет? 1-белгисимаал-маалы менен жүрөккө ийне сайгандай болгон 20-30 секунддай оору пайда болуп, жоголуп турат. Кээ бир учураларда жүрөк ачышып, жоголуп турат. Бейтап коронавируска чалдыкканга чейин уйкусуздуктан азап чегип келген, физикалык иш жасаганда тез чарчайт.

II.4.2.2. Дарылоо иштери. Врач бейтап менен аңгемелешкенден кийин, анда жүрөктө ишемиялык оорусу бар экенин билгенден кийин, эгерде бейтап жүрөктө тынымсыз ачышуу болуп жатканын айткан болсо, анда анын жүрөк артериясында тромб пайда болгонун билдирет. Ал үчүн төмөнкүдөй рецептте ички вена кан тамыр аркылуу 100 гр физрасторго 1 ампула панангин, андан кийин удаа эле 1 ампула эсенциал фортени 100 гр физрастворго куюп, андан кийин 200 гр физрастворго 0,5-1 гр. чейин гепаринди инсулиндик шприцте кошуп, ички венага карай 1 деп эсептегенден баштап 15 же 20 деп санаганда 1 тамчы түшө тургандай кылып берүү талап кылынат. Бул сунуш кылынган дарылоо курсу 3 күндөн 5 күнгө чейин берилет. Андан сырткары жүрөктүн стенасына же булчуңундагы ишемиялык ооруну жоюу үчүн биздин клиникада даярдалып жаткан “Жүрөк бальзамын” сунуш кылабыз. Бул бальзам жүрөктүн ритмин өзгөртпөйт, кан басымына таасири жок. Бул дарынын эч кандай каршы көрсөтмөсү жок. Бул дарыны сүт эмген баладан жүрөк инфаркты кармап реанимацияда жаткандарга чейин ичсе болот. Бул нукура мөмө-жемиштердин нектарларынан жасалат (фармакологиялык инструкциясы тиркелет). Дарынын агрегаттык абалы суюк түрүндө. 1 аш кашыктан 4-5 маал, тамактануудан мурда ичилет.

II.4.2.3. Жүрөк атеросклерозу жана стенокардия менен ооругандарды дарылоо. Шарттуу талаптар. Врачтарга милдеттүү түрдө бейтаптарды ЭКГ жана ЭхоКГ текшерүүдөн өткөрүү талабы коюулат. Эгерде келип түшкөн бейтаптын анамнёз таржымалы же кардиологиялык клиникалардан оору баяны болсо, аларды бейтаптын кан коулануусун дароо токтотуу үчүн сөзсүз эске алуу менен мамиле кылууга милдеттүү болот. Эң эле жаман көрүнүш – ушул оору менен ооругандардын арасында коронавируска чалдыккандардын дээрлик көпчүлүк бөлүгү каза болуп калып жатканында. Аны токтотуп калууга болот.

II.4.2.4. Клиникалык белгилери. Дем алуунун оорлошу, жүрөктүн тынымсыз ачышып туруусу, жүрөктү пальпациялап көргөндө ооруну берүүсү эң негизги симптом катары эсептелет. Курсак артерия жана веналардын дугасында систолия, колу-буттун чымыроосу ж.б. симптомдор болот.

II.4.2.5. Эскертүү. Дарылоо процедурасын баштаардан мурда врачтарды бейтаптарды этияттоого чакырабыз. Анын себеби кан суюлтуу учурунда организмдеги кан коюулануусунан коронардык артерияда пайда болгон тромбдор майда коронардык артерияларга, андан ары капиллярларга карай жылуусу сөзсүз болорун эске алгыла! Анын ичинде бейтаптын окклюзияга кирептер болуп калуусунан этият болууга чакырабыз.

II.4.2.6. Дарылоо иштери. Бейтаптын ички венасына жогоруда көрсөтүлгөндөй тартипте күнүгө 1 жолудан, эң оболу панангиндин 1 ампула 100 гр физрастворго, андан соң 1 ампула эссенциал форте, андан кийин гепаринди инсулиндик шприцте 0,6-1 гр чейин 200 гр физрастворго кошуп, 1 деп эсептеп, 20дан өткөндөн кийин 1 тамчы түшө тургандай кылып капельница коюлат. Андан сырткары, “Жүрөк бальзамынан” 1 аш кашыктан 4-5 жолу берилет, 0,25 мг дозада канкордон 1 маал берүү сунушталат. Капельницалардын дарылоо курсу минимум 5 суткага белгиленет. Андан ары бейтапта клиникалык симптомдору жоголгон болсо, капельница берүү токтотулат, ал эми “Жүрөк бальзамын” жана канкорду ичүү 1 айдан ашык убакытка белгиленет. Эгерде бейтап кан коюулануусунан арылуу үчүн биздин клиникада жасалган “Антивирустук дарыны” ичип жаткан болсо, токтото туруу талап кылынат. Себеби, бул дары гепатит А-ны блокадага алып, организм тарабынан, же тагыраак айтканда, боордун коронардык артериядагы атеросклерозду жоготуучу ферменттердин бөлүнүп чыгуусуна мүмкүнчүлүк берип коёт. Боор бөлүп чыгарып жаткан ферменттер коронардык артериянын атеросклероздон арылуусуна чакырып, кокусунан коронардык артерияда окклюзияга алып баруусу мүмкүн. Эгер бейтап андан ары атеросклероздон арылам деп ниет койсо, жеке өзүмө келип, менин көзөмөлүмдө дарылоодон өтөт.


II.5.0. Жүрөк аритмиясы жана тахикардиясын дарылоо

II.5.1. Шарттуу талаптар. Врач милдеттүү түрдө бейтапты ЭКГ жана ЭхоКГдан өткөрүүгө милдеттүү. Эгерде абал экстрендик мүнөздө болсо, анда аны менен аңгемелешет. Эгерде бейтап кардиологиялык борборлордо учетто турган болсо, анын тууган-уруктарынан же жакындарынан оорунун тарыхын сурап, окуп чыгуу талап кылынат.

II.5.2. Эскертүү. Бейтап коронавируска чалдыкканга чейин жүрөк аритмиясы менен тахикардиясынан жабыр тартып, кардиолог врачтардын көзөмөлүндө кардиологиялык препараттарды пайдаланып келген болсо, врач-кардиологдун жазган рецебине чектөө киргизбей коюу дурус иш болот.

II.5.3. Патологиялык көрүнүштөр. Бейтаптын жүрөк аритмиясына жана тахикардиясына чалдыгып калуусу жүрөк кан тамыр системасында, бөйрөктө, ички секрециялык бездерде ж.б. органдардагы патологиялардын таасири астында болот. Жүрөк оорусу бар бейтаптын коронавируска чалдыгып калуусу анын абалынын кескин түрдө оорлоп кетүүсүнө жеткирет. Бейтаптын абалынын оорлоп кетүүсүнө биринчи кезекте гепатит А-нын таасири астында боордун канды фильтрациялоо кызматынын төмөндөп кетүүсү, кандын утилизациясынын биохимиялык бузулуусу, кандын коюуланып кетүүсү, бөйрөктүн гормондорунун, айрыкча ренин жана альдестерондун канга көбүрөөк чыгып кетүүсү кан тамырлардын кысылуусуна (сужение) алып келип, кан басымынын көтөрүлүүсүн чакырса, щитовидный (калкан сымал бездин) бездин жүрөк систолиясын, көбүнчө экстарсистолиясын пайда кылат. Бейтаптын жүрөгү ойноп, деми кысылуусу күчөп кирет. Бул учурда бейтап пневмониядан улам деми кысылбай, бронхадагы бөйрөк гормондорунан улам тамактан дем алуусу буулат. Деми кысылып, жанталашып жаткан бейтапты кантип дарылап, өмүрүнү сактап калса болот?

II.5.4. Дарылоо иштери. Эң оболу жүрөк экстрасистолиясын азайтуунун чараларын көрүү зарыл. Ал үчүн бейтаптын калкан сымал без жайгашкан тамагынын эки тарабын, кулактын астын 5 мүнөттөн точечный массаж, ар бир саатта жасап турулат. 1 литр сууга 60 гр аш тузун салып эритип, 20 гр-дан суткасына 3-4 маал соруп ичет. Андан башка бейтаптын кан басымын өлчөп көрүп, кан басымы 160/120 болсо 100 гр физрастворго 1 ампула дексаметазон, кан басымы 140/100дөн төмөн болсо 2 ампула дексаметазонду 100 гр физрастворго кошуп, ички венадан берилет. Бул дарылоо бейтаптын дем алуусунун өзгөрүүсүнө жараша жүргүзүлөт. Дем кысылуу болгон учурда гана берилет. Бул процедура убактылуу түрдө бөйрөк гормондорунун канга бөлүнүп чыгуусун азайтып, дем кысылууну жоготуп турат. Бейтаптын абалы оңолуп калган учурда жогорудагы айтылган капельницалар: панангинден 1 таблетка, андан соң эссенциал фортеден 1 ампула 100 гр физрастворго кошуп берилет. Андан кийин удаа эле бейтапка 200 гр физрастворго 0,6-1 гр чейин гепаринди кошуп, 1ден баштап 20га чейин эсептегенде 1 тамчы түшө тургандай кылып капельница коюлат. Бул дарылоо процедурасы 5 күнгө белгиленип, күнүгө бир жолудан жасалат. Оозунан “Жүрөк бальзамынан” 1 аш кашыктан 4-5 маалдан, канкордон 0,25 мг дозадагы таблеткасынан 1 маал берилет.

II.5.5. Гигиеналык талаптар. Эң оболу бейтап тамак-аштан диета сактоого милдетүү. Эң негизгиси, жаныбарлардын майынын тамак-ашка кошулуп калуусунан сак болуусу зарыл. Ошондой эле муздак, муздаткычта сакталган тамак-аш жегенден, калемпирди тамак-ашка колдонуудан өзүн тартсын. Денесине физикалык күч келтиргенден оолак болуусу шарт. Бейтап үчүн эң пайдалуу нерсе – өзүнү-өзү изоляцияга алып, постелдик режим менен жашоо.


Сурат Жылкычиев

Aryba.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер