Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кышында жарыкты өчүрбөгөнгө, элге шарт түзгөнгө мүмкүнчүлүк барбы?

Кышында жарыкты өчүрбөгөнгө, элге шарт түзгөнгө мүмкүнчүлүк барбы?

07-август, 20:57
353 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

«Токтогулдагы суунун төмөндөп кетиши, энергетика кризиси, майнинг ферма чуусу коомчулукту кооптондура баштады. Кышында жарыкты өчүрбөгөнгө, алдын ала элге шарт түзгөнгө мүмкүнчүлүк барбы?» деген суроо таштадык. Электр жарыгы боюнча эксперттер төмөнкүлөргө токтолушту.

Жаныбек Оморов, эксперт:

– Энергетика сектору бул өтө татаал маселе. Дүйнөлүк жакшы тажрыйбаларга таянып комплекстүү чечилбесе, ушундай каатчылыкка такалабыз. Камбар-Ата–1 ГЭСин сала алган жокпуз. Токтогул суу сактагычында ушу тапта 11 млрд. кубга жетпеген суу бар деп берип атышат. Бул суу бизге жетишсиз. Кышка 12,5 млрд. куб менен кирсек жаман болбос эле. Былтыркыдан төмөн көрсөткүч болууда. Болжол менен 1,5 млрд. кВт/саат энергия жетишсиз дегенди түшүндүрүп, биз аны коңшу өлкөлөрдөн сатып алууга мажбурбуз. А сырттан сатып ала турган энергиянын баасы кымбат. 

Ал эми майнинг боюнча кайчы пикирлер жаралды. Чын-чынына келгенде, буга деле туура саясат кылыш керек. Кантсе да ишкердин бизнеси да. Бирөө уруксат берип, экинчиси токтото берген – экономикага жакшы эмес. Электр энергияны натыйжалуу жеткирип, чыгымдарын төмөндөткөндө, орто баа (тариф) чыгат. Ошол бааны эчтекесине карабай төлөшүбүз керек. Бул экономикалык мыйзам. Мамлекет ушу багытта гана өнүгөт. Ал эми төлөй албаган, муктаж болгон социалдык катмар бизде аз санда. Алар электр жарыгын көп деле пайдалана беришпейт. Аларды так аныктап, даректүү жардам берсек, ошондо натыйжалуу алдыга жылыш болот. Инвесторлорго электр жарыгын бериш керек, мүмкүн баасын төмөн коюп койгон чыгарбыз. Баасын региондорго карап туруп, Казакстанда канча төлөнүп атат, башка кошуна мамлекеттерде майнинг фермаларга сатылган баасын аныктап, таразалап, ошого жараша баасын ылайыкташтырып коюп, аларды кайра тартыш керек. Мына ушундай жагдайды эске албай туруп ызы-чуу кылган жакшы эмес. 

Бекбоо Маматбеков, эксперт:

– Президенттин «өзгөчө кырдаал» дегенине бир аз түшүнбөстүктөр болуп аткандыр. Ооба, Токтогул суу сактагычында былтыркыга караганда суу өтө аз. Бул  албетте, кооптондурбай койбойт. Бирок, былтыркыдай эле баардык иштер аткарылып атат. Ири оңдоп-түзөө иштери ойдогудай жүрүп жатканы байкалууда. Кыргызстанда эң чоң көйгөй – бул энергия өндүрүү. Камбар-Ата ГЭСи курулмайынча бул көйгөй кайталана берет. Эгер курулуп, иш жүзүнө ашып калса, баардык маселелер чечилип, керек болсо электр энергиясын сыртка сата баштайбыз. Учурда энергетика министрлиги кышка даярдыктарды болушунча жасап жатат. Ал эми кыш мезгилинде электр жарыгынын тартыштыгын кошуна өлкөлөр менен сүйлөшүлгөн жагдайда канчага муктаж болсок, ошончо алып турабыз. Албетте, арзан болбойт. Башка жол жок. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер