Акыркы кабарлар
» Коом » Пакистандан келген нарындык дааватчынын аялы, уулу жана келини дартты жуктурган
Пакистандан келген нарындык дааватчынын аялы, уулу жана келини дартты жуктурган
31-март, 17:40
1 092 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌31-мартта Нарын шаарында коронавирус жуктурган 3 тургун буга чейин илдети аныкталган алгачкы жарандын жакындары болгон. Бул тууралуу “Turmush” басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, жаңы бейтаптар Пакистандан дааваттан келген жарандын жубайы, келини жана уулу болгон. Аны менен жакын байланышта болгон 15 адамдан анализ алынган. Натыйжада, 3 тургунда коронавирус бар экени аныкталды. Ал эми 12 жарандын анализи таза чыккан.
Белгилей кетсек, буга чейин алгачкы болуп Нарында коронавирус аныкталган жаран Бишкекте баласынын үйүндө төрт күн болуп, 19-мартта Нарынга 7 киши менен таксиде келгени айтылган.