7 жыл иштеп, 2 этаж үй салдык, эми күйөөм башкага азгырылып баратат...


Биз күйөөм экөөбүз Москвада иштеп, нөлдөн баштап, эки кабаттуу үй салдык. Үй бүттү, бирок биз балалуу боло албадык, канча аракет кылдык, барбаган жерибиз калбады. Карантин башталып, кайра Москвага кете албай калдык, кайын журтумдун, күйөөмдүн мамилеси өзгөрө баштады. Күйөөмдүн жылуу мамилесине үйрөнүп калган жаным анын өзгөргөн мамилесине чыдабай жүрөк ооруйт. Таарынып келе бердим. Азыр күйөөм "башка аял алам, жашым өтүп атат, балалуу болгум келет" дейт. Мен кандай кылсам болот? Күнөө өзүмдө, төрөп бере албадым. “Дүнүйө” деп жүрүп төрөй албай турган дартка чалдыктым. Жашаганыма жети жыл болду. “Үй салабыз” деп демалышсыз иштеген жылдарым болду. Мээнетиме ичим ачышып атат. Кантип, кандай жол менен үйгө кеткен акчанын жарымын болсо да алсам болот? ЗАГС да алган эмес элек. Күйөөм болсо таптакыр башка адамга айланып, өзгөрүп кетти...
Майрам











