Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Камчыбек Ташиев УКМКнын таасирин арттырып, кадыр-баркын көтөрдү

Камчыбек Ташиев УКМКнын таасирин арттырып, кадыр-баркын көтөрдү

22-апрель, 12:00
633 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кайсы система, кандай гана тармак болбосун, анын жетекчисинен көп нерсе көз каранды экен. Маселен, Камчыбек Ташиев УКМК төрагасы болгону мурда болуп көрбөгөндөй секириктер жасалды. Учкай гана токтололу. Түрдүү кылмыштарга шектелген жүздөгөн адамдар кармалышып, дээрлик баарысы “кусушту”, бир тобу жазаларын алышууда. Ушул күндө да айыгышкан күрөш уланууда. Коррупцияга айыпталган чиновниктер колго түшүрүлүп атат. Өзгөчө ИИМдин паракорчулукка батып кеткен туткактары чилдей гана терилип, чекесинен камалууда. Кол ийрисине тартмай жок. Мамлекеттин макамына ээ болгон жетекчилер, кызматкерлер арасындагы “кой терисин жамынгандарды” тазалоо иштери батыл жүрүүдө. Албетте, калыстык үчүн бул жагын эске салганыбыз жөндүү. О.э. убакыттын өтүшү менен УКМК да ич ара тазаланууга, өздүк курамындагы мыйзам бузган, булганган кадрларынан арылуу аракеттерин көрүп келет. Ондогон кызматкерлери ар кандай жазаларды алышып, жумуштарынан четтешкен. Кыскасы, Камчыбек Ташиев өзү дагы үлгү көрсөтүп, ошого жараша башкалардан да тазалыкты талап кылып, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн ак эмгек өтөөгө, алдыга карай өнүгүүгө, элдин ишенимине ээ болууга батыл киришкени байкалат. Мындай машакаттуу жүрүштүн акыбети кайтып, байсалы артсын! 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер